Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

05:30 Майлысуу лампа заводунун товарларын сатып алуунун азайуусуна Иран тарап аталган заводдун жетекчилигин күнөөлөөдө


Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Атахановго Ирандык ишкерлердин билдиргени боюнча кыргыз лампалары Иранда жогорку суроо-талапка ээ. Бирок Майлысуу лампа заводунун жетекчилигинин тез-тез алмашуусу, төлөмдөрдү банк аркылуу которуу системасынын жоктугу жана электролампалардын завод койгон баасынын кескин кымбаттап кетүүсү Иран тараптын Кыргызстандын лампаларына болгон кызыкчылыгына бут тоскон негизги себептер болууда. 2000-жылы Майлысуу лампа заводунан Иранга 34,4 млн даана чырак сатылган. Ал эми 2006-жылы 5,5 млн гана сатылган.
Майлысуудагы лампа заводу акыркы жылдары продукция чыгаруу жагынан бир топ аксап жаткандыгы, алыскы чет өлкөлөргө гана эмес, жакынкы Өзбекстан, Тажикстан, Украинага сатылган продукциянын сандык деңгээли түшүп кеткендиги тууралуу буга чейин да айтылып келген.

XS
SM
MD
LG