Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Косовонун келечеги боюнча Бириккен Улуттардын планы тараптарга тартууланды


Косово боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Марти Ахтисаари өз планын кечээ күнү тараптарга тартуулады жана Европа Биримдигинин жетекчилери Косово менен Сербияга кайрылып, ал планды кабыл алууга чакырды. Вашингтондун айтымында, план калыс жана тең салмактуу иштелип чыккан. "Эки тарапка мен бүгүн тартуулаган чаралардын пакети - былтыр өткөрүлгөн кеңири консультациялардын негизинде түзүлгөн жана ал мунаса план", - деди Ахтисаари 2-февралда. План боюнча, дүйнө мамлекеттери жана эл аралык уюмдар менен Косово өз алдынча мамиле түзө алат, бирок ал эгемендүү мамлекет деген сөз документте жок. Косово жетекчилиги планды колдоду, Сербия болсо аны четке какты жана аны менен Косово эгемендүүлүк жолуна түшүп жатат деп билдирди. Ахтисааринин айтымында, планга дагы өзгөртүү киргизсе болот.

XS
SM
MD
LG