Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

АКШнын чалгындоо кызматтары Ирактагы абал боюнча отчет жарыялады


АКШнын чалгындоо кызматтары кечээ күнү Ирактагы абал тууралуу атайын докладдын кыскача мазмунун жарыялады, анда - Иракта ич-ара согуштун белгилери бар жана эгер чечкиндүү чара көрүлбөсө, абал ого бетер начарлашы мүмкүн деп айтылат. Коопсуздук маселелери боюнча президенттин кеңешчиси Стивен Хэдлинин айтымында, докладда келтирилген маалыматтар Вашингтондун жалпы Ирак саясатына каршы келбейт: "Иракта чыккан маселелер анда так чагылдырылган жана докладда келтирилген сунуштар - ийгиликке жетиш үчүн туура саясат жүргүзүү керек деп айтылат жана, менин оюмча биз туура саясат жүргүзүүдөбүз", - деди Хэдли. АКШнын 16 чалгындоо кызматы биргелншип даярдаган доклад президент Жорж Бушка 1-февралда тартууланган.

XS
SM
MD
LG