Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

11:15 Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Парижде дүйнөлүк конгресске катышууда


Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлагандай, 1-3-февраль күндөрү өлүм жазасына каршы өтүп жаткан дүйнөлүк конгрессте Турсунбай Бакир уулу өлүм жазасы боюнча Кыргызстандагы жагдай менен тааныштырган доклад окуду. Акыйкатчы өлүм жазасына киргизилген мораторийдин оң жана терс жактарын айтып, мындай өкүм чыгарылган кээ бир айыпкерлер жазанын ишке ашуусун көп жылдап күтүп калып жатышканын, айрымдары ага жетпей эле каза таап жаткандыгын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстанда соттор бүгүнкү күндө да өлүм жазасына өкүм чыгарууга аргасыздыгын, анткени анын ордуна колдонуучу чаралар Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралбагандыгын белгиледи деп кабарлады маалымат кызматы. Башмыйзамдын жаңы редакциясында Кыргызстанда өлүм жазасына өкүм чыгаруу алынып салынган.

XS
SM
MD
LG