Кар көчкү Алабука – Канышкыя автожолунда 2-февралдан 3-февралга оогон түнү болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча көчкүдөн жабыркагандар жок. Ал эми көчкү жүргөн аймак жергиликтүү жол пайдалануучу башкармалык тарабынан тазаланып, кыймылга мүмкүнчүлүк түзүлдү.