Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

13:45 Өзбекстандын Жалалабат облусу менен чектешкен аймагында жер титиреди


3-февраль күнү таңкы саат 3:22де болгон силкинүүнүн күчү 4-4,5 баллга жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлаганы боюнча силкинүүнүн очогу Кыргызстандан 15 чакырым алыстыкта Өзбекстандын аймагында болгон. Ал эми Кыргызстандын аймагында жер титирегени байкалган эмес.
Сейсмологдор Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чекараларында акыркы убактарда жер титирөөнүн көбөйүүсү тоолордун түзүлүү жараяны күчөп жаткандыгынан кабар берет деп айтышууда. Жаңы жылдын январь айында эле аймакта үч жер титирөө катталган. Алардын эң күчтүүсү - 9-январда Баткен облусунда болгон 6 баллдык силкинүү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG