Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

15:30 Карасуу шаарында Кытайлык ишкерлерге каршы нааразылык иш-чарасы уланууда


Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбековдун берген маалыматы боюнча, райондук акимчиликтин алдына чогулган 200гө чукул адам бүгүн дагы жергиликтүү бийликке кытайлык жумушчуларды өлкөдөн чыгаруу талабын коюшту. Алардын айтуусунда бүгүнкү күндө Карасуу-Элбазарында түрдүү майда иштерде иштеп жатышкан жумушчулар жергиликтүү элдин нанын тартып алып жатышат. Расмий эмес маалыматтар боюнча Карасуу-Эл базарында Кытайдын 4000 ден ашуун жараны араба сүйрөп, жүк жүктөп жана майда соодагерлик кылып иштешет. Ал эми паспорттук каттоодон өткөн кытайлыктардын саны 600гө жакын.

XS
SM
MD
LG