Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

16:10 Чолпоната шаарынын депутаттары көл жээгиндеги жерлерди сатууга каршы


КАРАКОЛ. Бүгүн Каракол шаарында Ысыккөлдүн жээгинен 12 гектар жерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Бирок ага Чолпоната шаарынын депутаттары киргизилген жок. Депутат Неля Бараканованын айтуусунда, жаңы жылдан тартып көл жээктен жер сатылбайт, ал 49 жылга ижарага берилет деген губернатордун сөзү аткарылбай жатат, ал эми аукцион ачык деп жарыяланганы менен ага күн мурун каттоодон өтүп, акы төлөгөндөр гана катышты. “Алатоо” эс алуу жайы менен Мээрим фондусу курдурган “Алтын балалык” борборунун ортосунан 12 гектар жер сатылып, аны ким канчага алганы ачык айтылган жок. Облус бийлиги болсо бул аукцион мурда жарыяланып калгандыктан аны токтотуу мүмкүн эместигин айтып, мындан ары аукционго жер коюлбасын билдирди. Ысыккөл районунун бийлик өкүлдөрү жер сатып алган тараптан 40 миллион сом инвестиция тартылып, кошумча дагы 21 миллион сомго эки мектеп курулаарын маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG