Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

17:00 Москвада мигранттардын балдары үчүн орус тил мектептери ачылат


Чет мамлекеттен келген мигранттардын балдарына Москвада бир жылдык орус тил мектептери ачылат. Бул иш чаранын максаты - мигрант балдардын орус коомчулугуна кошулуусуна өбөлгө түзүү. Москванын билим берүү департаментинин тараткан билдирүүсүнө караганда, мектепке окуучулар ата-энесинин же балдардын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана аймактык билим берүү башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынат. Тест тапшыруунун негизинде окуучу кайсы класс жана кандай окутуу деңгээлине туш болоору аныкталат. Мектептерде орус тилин тез үйротүү программалары колдонулат. Сабактар эртең мененки 8:30 дан кечки 18:00гө чейин, жумасына беш күн иштейт. (ESu)

XS
SM
MD
LG