Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча кечээ Ош шаарында жергиликтүү кылмыш тобунун 38 жаштагы башчысы кармалган. Ал мурда соттолгон жана ага дагы бир нече айыптоолор тагылган. Анын жашаган үйүн тинткен кезде жертөлөдөн төрт огу менен “ТТ” маркасындагы тапанча табылган.
Ошол эле күнү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Кызылкыя шаарында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыгып, издөөдө жүргөн 43 жаштагы жаранды кармашты. Тергөө ишинин кызыкчылыгына байланыштуу экөөнүн тең аты-жөнү азырынча ачык айтылбайт.