Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

ОРУСИЯДА КЕМИНДЕ 15 КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын Свердловск облусунда токойдо 15 аялдын өлүгү көмүлгөн көр табылды. Облусттук тергөөчүлөрдүн ишениминде, «Өлүгү табылгандар - 2002-2005-жылдар аралыгында белгисиз жоголуп кеткен сойкулар же сойкулукка мажбурланган кыздар» экен.

Свердловск облусундагы прокуратурада өзгөчө маанилүү иштер менен алектенген бөлүм азыр ушул окуяны иликтеп жатат. Алар айткан алгачкы маалыматка караганда, өлүгү табылган кыздардын арасында бойго жете электери да бар. Жалпысынан 13жаштан 26 жашка чейинки 15 кыздын денеси табылып, аты-жөнү аныкталды. Айрым кабарларга ылайык, дагы бир топ дененин кимдики экенин аныктоо мүмкүн болбой жатат. Анткени айрымдардын, мисалы, үч кабыргасынан башка денесинин эч кайсыл бөлүгү табылган эмес.

Тергөөчүлөр билдиришкендей, бул кыздар бир адамдын эмес, сегиз адамдан турган кылмыш тобунун курмандыгына айланышкан.

- Бүт кылмышкерлер азыр камакта отурушат. Алардын акыл-эсин да текшерип көрдүк. Жыйынтыгында, «алар кандай кылмыш кылып жатканын жапжакшынакай эле түшүнүп жасашкан» деген тыянакка келдик. Тергөө ишинин негизинде, бул адамдар 15 кыз-келинди өлтүрүшкөнү анык болду, - деди Свердловск облусунун прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер менен алектенген бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Данилов.

Аталган кылмыш боюнча кармалгандарга азыр Орусиянын Кылмыш кодексинин бир топ беренелери боюнча айыптар тагылууда. Алардын арасында, «сексуалдык зордукка барган», «адамды өлтүргөн» деген кинэлер бар. Дал ушул сексуалдык түрдөгү зордукка барып, кийин киши өлтүрүү - бул кылмыш ишине мүнөздүү негизги көрүнүшү болуп калчудай.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, айыпталып жаткан сегиз адам мыйзамдуу түрдө «ишкана» катары каттоодон өткөн бир фирмага карашат. Болгондо да алардын төртөөсү ага-инилер болуп чыгыптыр.

Бул кишилердин ишканасы Нижний Тагилдеги дүкөндөргө суусундук ташычу, бирок, чынында, алар жаш кыздарды сойкулукка тартып, кээде аларды күч менен денесин сатууга мажбур кылышканы айтылат. Мындай учурларда буга баруудан баш тарткан кыздарды алар алгач зордуктап, кийин токойдогу чуңкурга көмүшкөнү аныкталган.

Эң коркунучтуусу – бул кылмышкерлердин колунан өлгөндөрдүн так саны азырынча белгисиз. Курмандыкка чалынган кыздардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп жатышат. Анын үстүнө, Нижний Тагилге жакын жердеги токойдон табылган мүрзө, же жөн эле чуңкур, бул кылмышкерлер өлүктөрдү көмгөн жалгыз жай болбой калышы да мүмкүн деген кооптонуу айтылууда.

XS
SM
MD
LG