Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

СОЙКУЛУКТУ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ КЕРЕКПИ?


Аида Касымалиева, Бишкек Сойкулукту мыйзамдаштыруу керекпи? Көптөгөн талаш-тартыштарды жарткан бул суроо, серепчилердин баамында Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу маселеге айланган. Анткени, сойкулар арасындагы жугуштуу оорулардын көбөйүшү, СПИДдин таркашы жана жаш кыздарды сойкулукка тартуунун күчөшү байкалса да, биздин коомчулук бул көйгөйгө кайдыгер карап, мамлекет эч кандай чечим кабыл албай жаткан кез. Айрым адамдардын пикиринде сойкулукту же мыйзамдаштырып же коммерциялык секстин кызматкерлерине кылмыш жазасын колдонуп, бул проблеманы ары же бери кылыш керек. Бирок, ошону менен бирге эле талдоочулардын пикиринде, сойкуларды коом айыптабай, сойкулукка барган адам кандайдыр бир жаман нерсеге кабылыганын түшүнүп, алардын укутарын коргошу зарыл.

КРнын президентине караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик мамилелер боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы Токтокан Боромбаеванын айтымында, Кыргызстанда сойкулукту ачыкка чыгаруу боюнча эч кандай иш-чаралар көрүлө элек:

-Менин оюмча, сойкулукту ачыкка чыгаруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Себеби, дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун өлкө бар болсо, алардын ичинен үч эле мамлекет (Нидерланды, Бельгия, Германия) сойкулукту мыйзамдаштырды. Бул өлкөлөрдө сойкулук ачыкка чыкканы менен, проблема азайып калган жок. Алардын статистикалык маалыматтарына таянсак, сойкулук менен көмүскө алектенгендердин саны үч эсеге жогорулаган. Анан дагы, ойлонуп көрсөңүздөр? Биз эмнени ачыкка чыгарышыбыз керек? Сойку салык төлөйбү же анын кардары сойкуга бараардан мурун талон алабы? Дагы бир маселе, биз сойкулардын кардарлары деп жатабыз. Бирок эмнеге биз ошол кардарларды сойкулардан бөлүп карашыбыз керек? Эгерде биз сойкуну да жана анын кызматын колдонгон адамды да бир деңгээлге койсок, балким көп проблемалар чечилет эле.

Депутат Акматбек Келдибеков сойкулукту мыйзамдаштыруу зарылчылыгы бар деген ойдо:

-Биз сойкулук менен күрөшө албай жаткандан кийин, аны мыйзамдаштырсак, бир аз ирээттүүрөөк болуп калмак, оору-сыркоо азаймак.

Бишкек көчөлөрүндө сойкулук менен алектенген кыздардын бири Айгүл, милициядан чалынып-чулунуп качкандан көрө, салык төлөйт элем дейт:

- Милиция кыматкерелери үчүн биз - жакшы “шабашкабыз”. Алар адеп эле рейд уюштуруп, кыздарыбызды салып кетет. Ал жактан чыгыш үчүн 1500 сом төлөөгө аргасыз болобуз. Ошондуктан бул жерде 1000 сомдон берип кутулабыз. Эгерде “мамашаларыбыз” бизди милициядан куткарбаса, ал жакта бизди зордукташат, 15 суткага 20-30 адамдын арасына камап коюшат, -дейт өзүн Айгүл деп атаган сойку кыз.

Ал эми Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын сегизинчи милиция бөлүмүнүн башчысы Альварес Юсуповтун айтымында сойкулук кылган кыздарды жазага тартуу үчүн мыйзамдык негиз жок болгондуктан, алардын кылган жумушу текке кетип жатат:

- Жалпы прафилактика болот, аларды приемник распредилительге жеткиребиз. Бирок, биздин кылган ишибиз четке кагылып калат. Себеби, баары эле бир саатан кийин эле көпүрөдө турушат.

Аты жөнүн атабаган жаш жигиттин пикиринде сойкулукту мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүү – батыштын атайын жүргүзгөн саясаты:

-Алар ушундай мыйзамдарды атайын кабыл алдырышып, бизин коомду ичинен бузгусу келип жатат. Бир да кыргыз кызы өзүнүн денесин сатпашы керек. - деген ойдо сурамжылоого катышкан жигит.

Коммерциялык секс кызматкерлери менен иштешкен “Таис Плюс” бейөкмөт уюмунун мүчөсү Любовь Бегалиеванын баамында, сойкулук ачыкка чыкса, сойкулар укук коргоо органдарынын жеми болбой, милиция кызматкерлеринин арасында кеңири тараган коррупция азайып, кыздардын социалдык абалы жакшырмак. Бирок, ошол эле мезгилде Кыргызстан мусулмандык өлкө болгондуктан, сойкулукту легалдаштырууну коомчулук түшүнбөйт.

- Биздин тажрыйбабызда ата-энелер кызынын сойку экенин билгенден кийин, топурагын түйүп беришкен. - деди Любовь Бегалиева.

Ырчы жана куудул Борончу Кудайбергеновдун пикиринде кыргыздарга шылтоо эле жетпей турат:

- Эгерде ачыкка чыгарсак, сойкулук көнүмүш адатка айланып, ит болобуз да! - деп тамашалады Борончу Кудайбергенов.

Кинорежиссер Кубанычбек Кендирбаевдин айтымында сойкулукту легалдаштыруу Кыргызстан үчүн эч канчан актуалдуу суроо болбойт:

-Сойкулук – кылмыш. Аны мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз кылуу - абсурд.. Бул мыйзам долбоорун даярдап жаткандар эртең өздөрүн да сатышабы? - деди сойкулар тууралуу даректүү тасманын автору Кубанычбек Кендирбаев.

“Официантка же тигүүчү болосуң деп алдап, шаарга алып келишет”

Кыргызстандагы кесиптер Улуттук статистика комитети тарабынан 1998-жылы кабыл алынган жободо такталган. Ал тизмеде сойкулук жок болгондуктан атайын кесип деп эсептелбейт. Юрист Акыл Акунов ушундан улам Кыргызстанда сойкулук кылуу жаатында эч кандай мыйзам каралган эмес дейт:

-Көп жылдан бери сойкулукка так багытталган, мыйзам түрүндө Жогорку Кеңеш тарабынан дагы ички иштер министрлиги тарабынан дагы чара көрүлө элек. Административдүү көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз деп ойлойм. Сойкулуктун өзү кылмыш катары, кылмыш жаза кодексинде көрсөтүлгөн эмес, ошолорду уюштурган, башында турган адамдарга кылмыш жообуна тартууга жобо бар, ал эми сойкулук менен иштеп жүргөн кыз балдарды кылмыш жообуна тартууга статья жок.

Бишкек көчөлөрүндө атайын иликтөө жүргүзгөн кабарчыбыз Мирлан Токталиевге сойкуларды жакшы билген таксисттер буларды айтып беришкен:

-Көрсөткөн кызматтарына жараша Кыргызстанда сойкулар төрт түргө бөлүнөт. Алардын биринчиси чет өлкөлүк жарандардын талабын канаатандырышкан -“интеркыздар”. Экинчиси – “валюталык” сойкулар. Бул категориядагы кыздардын кардарлары - байлар, соодагерлер, бизнесмендер. Үчүнчүсү - алыс жолго чыкчулар. Булар узак жолго чыккан айдоочулар менен алардын жүргүнчүлөрүн тейлешет. Төртүнчүсү болсо, “көчө кыздары” деп аталат. Алар чөнтөгү анча калың эмес, анда-санда келе калгандарды аз акчага тейлешет. .

Ошондой таксисттердин бири Данияр:

- Правда-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыздар саатына эки жүз элүү, үч жүз сом алышат . Түнгө алсаң кымбатыраак болот, кечки саат он, же он бирден кийин алсаң арзаныраак болот.

Правда-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде турган сойку кыздардын бири Айгүлдүн берген маалыматына таянсак, көбүнчө эле сойкулукка айылдан келген кыздар берилип кетишет. Көбү – студенттер. Күнүнө ашып кетсе 500 сомдон табышат. Айгүлдүн айтымында, жаш кыздарды сойкулукка тартуу чоң бизнеске айланып, атайын схемалар ойлонуп табылган:

-Айылда жургөн жаш кыздарды тигүүчү же официантка болосуң деп алдашып, паспортторун алышат да анан бул жакка 5 миңден 10 миң сомго чейин биздин “мамашаларга” сатып жиберишет.

“АнтиСПИД” ассоцияциясынын өкүлү Кадырбек Дүйшөнбиев сойкулук менен алектенген кыздардын бейнесин мындайча түзөт:

-Көбүнчө бул айылдан келген жаш билими жок кыздар. Көбүнүн паспорттору жок, үйбүлөсү жок, жакыр, ата-энеси ичет.

Белгилей кетүүчү нерсе "Азаттык+" жаштар теле берүүсү сойкулардын маселеси тууралуу берүү даярдашты.

XS
SM
MD
LG