Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

РАСМИЙ КЫЗМАТКЕР ЧЫН ЭЛЕ ИРИ ӨЛЧӨМДӨ ПАРА АЛГАНБЫ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Өкмөт алдындагы курулуш боюнча тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Алик Мурадовго карата шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “Бөрк ал десе, баш алгандай” мамиле кылды, деп билдирди анын адвокаты Кайрат Загибаев . Ал эми Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Ишимов болсо укук коргоо кызматы тарабынан Мурадовго мыйзамдын чегинде кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Өкмөт алдындагы курулуш боюнча тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Алик Мурадовдун адвокаты Кайрат Загибаевдин айтымында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экономикалык кылмыш менен активдүү күрөш жүргүзүп жатабыз деген түр көрсөтүп, кызматтык укуктарын ашкере пайдаланууда.

Загибаев белгилегендей, шаардык милиция кызматкерлери ОМОН) өзгөчө ыкчам отряддын аскерлери менен коркутуп-үркүтүү ыкмасын колдонуп, Алик Мурадовдун үйүнө тинтүү жүргүзгөнү мыйзам чегинен чыккандык.

- Укук коргоо органдарынын мамилелерине токтолсок, бул жерде абдан оор, орой кыймылдарды жасады. Үйүнө ОМОН менен келип тинтүү жүргүзгөнү туура эмес. Мен ойлойм укук коргоо органдары тарабынан Алик Мурадов боюнча козголгон кылмыш иши “пара алды”,- деп айып тагышы - бул чагым (провокация).

Ал эми Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Ишимов болсо Алик Мурадовго “пара берүү” жана “бөлөк бирөөнүн зор өлчөмдөгү буюмун талап-тоногон” делип айып тагылып, кылмыш иши мыйзамдын чегинде козголгонун билдирди.

Ал ошондой эле Мурадовдун үйүн тинтүү да мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөн деп белгиледи.

- ОМОН менен пара берип кармалгандан кийин, прокурордук санкциясынын негизинде, мыйзамдын чегинде Мурадовдун үйүнө барып тинтүү жүргүзүлгөн. Анын адвокаты өзү катышкан. Прокурордун санкциясы менен тергөөчү барган. Мунун баары мыйзамдын чегинде болгон.

Өкмөт алдындагы курулуш боюнча тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Алик Мурадовдун үстүнөн өткөн жылы декабрь айынын соңунда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматтык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнө Казакстандын атуулу Аушахмедов тарабынан арыз түшкөн.

Анда Мурадов 2006-жылы август айында “Таш көмүр” мамлекеттик акционердик коомун Аушахмедовдун “Интел-Систем ТГ” бирикмесине алып берем деп 150 миң АКШ долларын алып, убадасын аткарбай, алган акчаларды кайтарып бербеди деген доо айтылган.

Шаардык ички иштер башкарамалыгынын кызматкерлеринин айтымында, өткөн жылы 27-декабрда Мурадов жетектеген депертаменттин бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Мамбетакунов суракка чакыртылып, ал милиция кызматкерлеринен ишти өз кызыкчылыгына чечүүнү өтүнүп 500 доллар пара берген жеринен кармалган.

Алардын маалыматы боюнча, Мамбетакунов тергөөдө Мурадов Казакстандын атуулунан 150 миң доллар алганы боюнча көрсөтмө берген. Анын кармалганын уккан Алик Мурадов милиция кызматкерлерине он миң доллар пара сунуштап, акча берип жаткан жеринен кармалган.

Мурадовдун адвокаты Кайрат Загибаевдин белгилешинче, милиция кызматкерлери тарабынан Алик Мурадовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде делилдер жок.

Загибаев ошондой эле суракка чакыртылган Мурадовдун ден-соолугу начарлап, эсинен танып жыгылганына милиция кызматкерлери ишенбей, аны убактылуу кармоочу жайга алып барышканын, “тез жардамдын” догдурлары Мурадовдун жанын сактап калганын айтты.

Адвокаттын билдиришинче, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Мурадов камактан бошотулуп, учурда ооруканада дарыланууда.

XS
SM
MD
LG