Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

ЖАЛАЛАБАТ МЭРИ: "ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИЛЕРИ ИШИМЕ КИЙЛИГИШПЕЙТ"


Жалалабат шаарынын мэри Дүйшөн Мамасалиев жергиликтүү бийликке президенттин бир туугандары кийлигишээри жөнүндөгү ой-пикирлерди четке кагып, Жалалабаттын быйыл болчу 130 жылдык юбилейине алдын-ала даярдыктар көрүлө баштаганын билдирди.

Буга чейин маалымат каражаттарында, эл оозунда президент К. Бакиевдин Жалалабаттагы эки иниси шаар башчысынын ишине кийлигишери, Дүйшөн Мамасалиев мэрдик кызматты 20 миң АКШ долларына сатып алганы, ал мурда жетектеген “Нур” акционердик коомунда саунада кыздар эркектерди тейлегени тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келген. Дүйшөн Мамасалиев мындай шыбыр кептердин баарын төгүнгө чыгарды. Анын жообуна караганда, президенттин Сузак районундагы айыл өкмөттү башкарган иниси Каныбек Бакиев жана ишкер Акмат Бакиев мэриянын иши менен жумушу жок.

- Мурунтан экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Азыр “Ырыс” айыл өкмөтүн башкарып турат. Мага кандай тиешеси бар. Жок деп эсептейм. Мисалы, Бакиев Акмат Салиевич азыркы күндө облус, район боюнча өзүнүн ишкердигин кылып жүрөт. Ал шаардык депутат, - дейт Дүйшөн Мамасалиев.

“Лица” гезити соңку апталыгында Жалалабат шаарындагы ыңгайсыздыктар, көчөлөр менен арык-чоноктордо, таштанды төгүлгөн жайларда келемиш, курт-кумурска жайнап кеткендигин жазып чыккан. Ага байланыштуу мэр Дүйшөн Мамасалиев маалымат жыйынында шаардагы санитардык абал канааттандырарлык экендигин айтып, туюк көчөлөр ачылып, тар көчөлөр кеңейтилип жаткандыгын билдирди:

- 2005-жылы бир күндө 4-5 машина алып чыгара турган болсо акыр чикирди, 2006-жылы 23-30 рейске чейин таштандыларды алып чыгып жаттык, - дейт Дүйшөн Мамсалиев.

Анын айтымында Жалалабат курортуна барчу жолго үч жарым чакырымдык тротуар салынат. Кытайдан баасы 2,2 миллион сомдук көчө сыналгысын алып келүү жагы чоң ишкер менен макулдашылды.

Бирок, шаар тургундарынын Жалалабаттын бүгүнкү абалы тууралу ой-пикирлери түрдүү көз карашта. ”Спутник” микрорайонунда жашаган Бактыкан Жапарованын баамында балчык басып, ылай суулар аккан жана ыш-түтүн жыттанган базар-менен тар көчөлөрдү аралап жүрүү мүмкүн эмес.

- Мисалы, «Спутник» микрорайонунда акыр-чикирлер убагында тазаланбайт. Жайылып, бир топ аянтка толуп кеткенде гана келип алып кетишет. Анан кантип оорулар пайда болбосун. Учурда Жалалабаттын тазалыгын сактоо аябай кыйын болуп турат, - дейт Бактыкан Жапарова.

Шаар тургуну Майрамбек Адылбеков Жалалабаттын быйыл боло турган юбилейине карата мэр айткандай 130 курулуш бүтүрүү мүмкүн эместигин, андан көрө “токтоп турган ишканаларды иштетип, жумуш орундарын ачса жакшы болот эле” деген оюн билдирди:

- Азыркы күндө эч кандай жылыш жок. Ушул эле мэриянын алдындагы үйүлүп жаткан таштандылар аркылуу эле билсе болот булардын кандай деңгээлде иш алып барып жатканын. 130 обьектини кайсыл бюджеттин негизинде куруу мен үчүн ушул күнгө чейин таң калыштуу болуп турат. Ошолорго реконструкцияга болбосо түп тамырынан бери башка бир обьект кылып, мурдагы обьектилерди жандандырууга жумшаса жакшы болот эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG