Бул тууралуу депутаттар сессиянын башталышында макулдашты. Сессия талкууга катышуу үчүн премьер министр Азим Исабековду чакырды. Өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоорун президент 30-январда парламентке сунуштаган. Долбоорду депутаттар өткөн аптанын үч күнүндө катары менен талкуулап, бирок, бир пикирге келе алган эмес. (BUS)