Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

13:20 Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов АКШ колледжинде лекция окуйт


Төраганын «Азаттыктын» кабарчысына телефон аркылуу билдиргенине караганда, лекция Юта штатынын колледжинде экономикалык багытта окулат. М. Султанов баштаган делегация АКШга Юта штатынын губернаторунун чакыруусу боюнча өткөн аптада кеткен. Ал жерде тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташтык багыттарын талкуулашууда. Төрага муну 2008-жылы өтөөрү күтүлүп жаткан тоо саммитине даярдыктын башталышы катары белгиледи. Кыргызстан Юта штаты менен 2000-жылдын башынан бери кызматташып келатат.(BuS)

XS
SM
MD
LG