Мындай чечимди парламент бүгүнкү талкуунун соңунда кабыл алды. Ага ылайык Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети сунуш-пикирлерди эртеңкиге чейин премьер министрдин катышуусунда кайра карап чыгып, өз тыянагын чыгарат. Комитет төрагасы Искак Масалиевдин айтымында, бүгүнкү талкуу учурунда өкмөт түзүмүнө байланыштуу 22 депутат жарыш сөзгө чыгып, 36 суроо берилди. Долбоордо өкмөттүн түзүмүнө 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет, 15 агенттик киргизилген. (BuS)