Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ҮЧҮН ДОКУМЕНТ ЖАҢЫРТУУНУН БИР ЖОЛУ


Төрөкул Дооров, Киев Орусияда иштеп жүргөн чет-элдик мигранттар, мыйзамга ылайык, өлкөдө 90 күнгө чейин каттоодон өтүүгө укуктуу. Ушул жылдын 15-январынан тарта иштей баштаган жаңы эрежелер көптөгөн кыргызстандык мигранттарды да өздөрүнүн документтерин жаңылаганга түртүп жатат. Айрым мигранттар кыска убакытка өлкөдөн чыгып, кайра киришүүдө. Жакында биздин кабарчыбыз Төрөкул Дооров мына ушундай максатта Украинага баргандарды жолуктурган.

Киев шаардык темир жол вокзалы. Эрте мененки саат 10. Мен эми эле «Москва-Киев» поездинен түшүп, метрого киргени жаткам. Карасам, Москвадан келген поездден дагы эки кыргыз жигит түшүп бараткан экен. Акырын барып, алар менен тааныштым. Көрсө бул жигиттер Орусияга кире бериште берилчү миграциялык картасын жаңыртыш үчүн Украинага келип, кайра кетүүнү ойлонуштуруп жаткандардан экен.

- Менин атым Самат, Жалалабаттын Базаркоргон районунан болом.

«Азаттык»: - Киевке кандай максат менен келип отурасың?

- Иштер бар эле… Эми, чынын айта берейин, документтеримди жаңылаш үчүн келип олтурам. Орусиядагы миграциялык картамдын мөөнөтү бүтүп калган, аны жаңыртыш керек эле.

«Азаттык»:- Аны жаңыртыштын башка жолу жок бекен?

- Башка жолу – Кыргызстанга барып келиш керек.

«Азаттык»:- Өзүң Москвада эмне иш кыласың?

- Мен дүкөндө иштейм. Анан эми азыр баардык документтерди мыйзамдуу түрдө жасашыбызды талап кылып жатышат.

«Азаттык»:- А сиздин атыңыз ким?

- Менин атым Олжобай. Мен да ошол эле ниетте келип олтурам.

«Азаттык»:- Олжобай, Самат, экөөңөрдүн тең миграциялык картаңардын мөөнөтү алда качан эле аяктаган экен. Орусиядан чыгып жатканда чек арада кыйынчылыктар болбодубу?

- Кыйынчылыктар болду. Бирок… ачыгын айта берели, эптеп, акча төлөп өттүк. Кичине кыйналдык, эми кайра кайтканда Орусияга аман-эсен кирип алсак болгону.

«Азаттык»:- Силер эми эле поездден түшүп, кайра эки сааттан кийин Москвага кайтканы жатыпсыңар. Москвага барганда эмне кылалы деп жатасыңар? Каерде каттоодон өтөсүңөр?

- Азырынча Москвада каерге каттоого турууну ойлонуштура элекпиз. Эптеп өлкөдөн чыгып, кайра кирип алсак, калганын кийин чечебиз го.

«Азаттык»:- Өзүңөр Москвада каерде жашайсыңар?

- Биз «Таганский» району тарапта бир бөлмөдө беш адам болуп турабыз. Алар да Кыргызстандан барган мигранттар.

«Азаттык»:- Силер менен бирге жашап жаткан башка адамдар эмне кылып жатышат?

- Азыр эми ар ким өз билгенин жасап жатат. Көптөрү Кыргызстанга кетишти же кетип жатышат. Дагы бирөөлөрү Украинага келип-кетишүүдө.

«Азаттык»:- Олжобай, Украинада тааныштарыңар бар беле?

- Таанышыбыз деле жок. Бул жакка келүү ойдо деле жок болчу. Азыр эми Москвада документ туура эмес болсо, жашоо кыйын болуп калбадыбы. Украина жакын экен, жол кире деле арзаныраак, ошон үчүн бул жакты карай жөнөдүк.

«Азаттык»:- Украинага чыгып келсе болот экен деп кимден уктуңар?

- Биздин досторубуз буга чейин келип кетишкен. Ошолор айтышты. Бул азыр – эң ыңгайлуу жолу болуп калды. Эми документтерибизди жаңылатып алсак, анан, буюрса, ишти улантабыз.

Самат менен Олжобайга окшоп, Орусияда иштеш үчүн бүт документин мыйзамдын чегинде жасоону каалагандар азыр аз эмес. Алардын көпчүлүгү «Москва-Бишкек» поездине отуруп, Орусиянын Казакстан менен чектешкен жерине чейин, башкача айтканда, Казакстандын Актюбинск станциясына чейин барышат да, кайра 2-3 сааттан кийин артка кайтышат.

Бул станцияларда чек-арачылар анчалык деле жанды кашайтып, катуу текшерип туруп алышпайт. Ошондуктан көпчүлүк эл ошол жакка барып келет. Ал эми дагы бирөөлөр Самат менен Олжобайга окшоп, Киевге чейин келишүүдө.

XS
SM
MD
LG