Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

БРИТАНИЯДА КУШ ЫЛАҢЫ КАТТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Улуу Британиянын Саффолк аймагындагы фермада куш ылаңы чыкканы аныкталды. Жаздын келиши менен жапайы куштар жер которо баштагандыктан, адамга коркунучтуу бул оору дүйнөнүн башка мамлектетеринде да чыгууда, ага каршы жакшы дары болсо табыла элек.

Лондон шаарынан алыс эмес Холтон деген айылдагы күрп фермасындагы оору алгач 30-январда табылган, анткени тогуз жүзгө жакын куш күтүүсүздөн өлгөн. Анын себептерин ферма жетекчилери өздөрү текшерип, өлкөнүн айыл чарба министрлигине маалымат бергенче эки күн өткөн, андан соң кеңири тесттер өткөрүлгөндөн кийин, ал фермадагы оору - куш ылаңына алып келген вирустун H5N1 түрүнөн чыкканы 3-февралда аныкталган жана шашылыш чаралар көрүлө баштады. Вирустун бул түрү адам үчүн дагы коркунучтуу.

Холтондогу ферма - куш этин өндүргөн "Бернард Мэттьюз" деген ири ишканага таандык жана анын жетекчилигинин буйругу менен фермадагы 160 миңден ашык күрп өлтүрүлүп, алардын денелери өрттөлдү, ферманын айланасында үч чакырымдык карантин аймагы түзүлдү жана куштар менен иштеген адамдар текшериле баштады.

-Азыркы учурда эң негизги максат - оору чыккан жерден башка аймактарга анын тарап кетпешин камсыздап, анын өзүн жок кылуу, ошондо гана ал жайылбайт. Ылаң чыкканынын себебин биз, мүмкүн, таба албайбыз, бирок келерки бир-эки аптада сөзсүз атайын иликтөө жүргүзөбүз, - деп билдирди 5-февралда Британиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Бен Брэдшоу.

Эксперт Клиффорд Уорриктин айтымында болсо, ылаң жапайы куштардан жуккан болуш керек:

- Вирустун жапайы куштардан үй куштарына жугуу мүмкүнчүлүгү бар, алардын калдыктары, мисал үчүн, вентиляция системасы аркылуу фермага кириши мүмкүн, - дейт Уоррик.

Британиянын саламаттык сактоо министри Патриция Хюитт 5-февралда билдиргенге караганда, оорунун адамга жугуу мүмкүнчүлүгү азырынча төмөн жана атайын чаралар көрүлүп жаткандыктан, эпидемия башталбаш керек. Професор Хаг Пеннингтондун айтымында, кошуна Норфолк аймагында дагы былтыр оору чыккан жана анда дагы ондогон миң тоок өлтүрүлгөн.

"Ройтерс" агенттиги билдиргенге караганда, акыркы эки айдын ичинде куш ылаңы Жапония менен Нигерияда катталды, ылаң айрым куштарга Виетнам, Кытай, Мисир, Орусия жана Түштүк Кореяда жукканы жөнүндө да маалыматтар бар. Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы фермаларда дагы куштар өтүрүлүп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө, мындан бир ай мурда Мажарстанда дагы оору каздар арасында табылган.

2003-жылдан бери куш ылаңынан бардыгы болуп бир жүз алтымыштан ашык адам набыт кетти, медиктер ага каршы иштеп чыгып жаткан дарылар ооруну азырынча толук айыктырбай жатат. Окумуштуулардын айтымында, вирус улам өзгөрүп, ага каршы тиги же бул дары колдонгондо, анын улам жаңы түрлөрү пайда болууда.

Эксперттердин сунушу боюнча, фермалар жабык тартипте иштеш керек, бирок айрым фермерлер ага каршы жана этин таттуу кылыш үчүн өз канаттууларын ачык абага чыгарып багат.

XS
SM
MD
LG