Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

БАТЫШТЫН АДАМ УКУКТАРЫН ОРУСИЯДАН БАРЫП ТЕКШЕРИШЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Мурнуку аптада эл аралык адам укугун коргоочу Freedom Hause уюму жарыялаган докладда Орусия элинин эркиндиги Ливия менен Түндүк Кореяга салыштырылган. Андай бааны орусиялык бийлик менен бийликке жакын коомдук уюм сындап чыгышты. Кайсы бир саясатчылар Freedom Hause уюмунун өзүн текшериш керек деген демилге көтөрүшүүдө. Коомдук палатага мүчө адвокат Анатолий Кучерена батыш өлкөлөрүндө эркиндиктин негиздери менен адам укугунун корголушундагы мүчүлүштөрдү текшерип туруучу орусиялык коомдук уюм түзүүнү көздөп атат.

Белгилүү орусиялык адвокат Анатолий Кучеренанын демилгеси, Freedom Hause уюмунун Орусиядагы атуулдар укугунун абалы Түндүк Корея жана Ливия элинин укуктарына салыштырылып калгандыгы үчүн ага нааразы болгондон улам пайда болгон.

Би-Би-Си кабарчысы менен болгон маегинде Кучерена:

- Азыр биз бир гана батыштык адам укугун коргоочу уюмдар угуп келатабыз. Биз айтылган сындан корккон жерибиз жок. Чечилбей аткан маселелер бар экенин билебиз биз ал тургай аны чечүнгө даярбыз. Бирок биз үчүн ал сындын адилет болушу өтө маанилүү, - деген.

Коомдук палатанын мүчөсү Кучерена шейшембиде «Азаттыка» берген маегинде АКШ менен Европадага адам укугу менен сөз эркиндигинин негиздери кандай сакталып аткандыгы менен таанышып, аны билип чыгуу үчүн атайын уюм түзүү демилгесин көтөргөнүн айтты:

- Биз эми Freedom Hause уюмунун жыл сайын чыкчу докладын күтүп олтурбайбыз өзүбүз Батыш туурасында доклад жазабыз. Ал жакта атуулдардын укугу жана эркиндиги кандай сакталып атат, сөз эркиндиги кандай сакталып атат, ушулардын негизинде биз да доклад жарыялап туруучу болобуз.

Жакында Кремль демилге көтөрүп уюшулган Коомдук палатаны кайсы бир анализчилер «Орусияда жарандык коом бар экен десин деп, Батыш алдында атайын түзүлгөн уюм болгондуктан анын жасай турган иши – бийликтин таламын талшуу болот» - дешет.

Кошумчалай кетчү кеп Freedom Hause жарыясында Орусиядагы адам укугунун абалынын мынчалык төмөн абалга жетиши биринчи жолу болуп атат делинет.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эл аралык адам укугун коргоо уюму берген бааны «сандырак кеп» деп дароо четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG