Алардын аялдары буга президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдин тиешеси бар деп айыпташууда. Абилмажен Гилимов 31-январда, ал эми Жолдас Тимралиев 29-январда үйлөрүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Алардын аялдарынын айтымында, өткөн айда төрага жана анын жардамчысы Рахат Алиев менен пикир келишпестиктен улам иштеринен кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча Рахмат Алиев банктын контролдук пакетине ээ.