Лондондун фондулук биржасында өткөн шеринеде талдоочулар Казакстандын экономикасы ылдам өсүп баратканын суктануу менен белгилешти. Эгерде 2000-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 18 миллиард долларга барабар болсо, өткөн 2006-жылы 80 миллиард долларды түздү. Же акыркы алты жылда экономика дээрлик 450 процентке өскөн.
Эларалык рейтин агенттиги - Fitch Ratings келерки жети жылда Казакстандын экономикасы эки эсеге өсүп, ички дүң продукциясы 160 миллиард долларга чыгат деп боолголойт.
Казакстанга акыркы 15 жылда тышкы инвесторлор салган 40 миллиард доллар мунай-газ секторуна катар түстүү металлургия жана башка өнөр жай тармактарынын өсүүсүнө, ошондой эле 1990-жылдын деңгээлине постсоветтик республикалардан биринчи болуп чыгууга өбөлгө түздү.
Лорд Робин Ренвик элүүдөн ашуун өлкөдө бөлүмдөрү бар жана өздүк капиталы 1, 4 триллион долларга тете JP Morgan Europe компаниясынын банктарды инвестициялоо боюнча вице-президенти. Ал Лондондогу шеринеде Казакстандын үч-төрт банкы эларалык стандарт менен иштөөгө жарамдуу экенине белгиледи:
-Казакстанда эларалык стандарт менен алганда эң мыкты баа алчу үч же төрт банк бар. Ошон үчүн алардын, мисалы, “Казкоммерцбанк” менен Халык банктын акциялары биринчи ирет биржага чыккандан эле өтө ийгиликтүү сатылды. “ТуранАлем” банкы да ушул категорияга кирет. Бул өтө үлкөн жана мыкты башкарылган, абдан ийгиликтүү банк келерки жылы биржага чыкса, анын акциялары жакшы сатылаарынан күмөн жок деп ойлойбуз.
Лорд Ренвик Казакстандын бардык 34 банкына мындай баа бере албасын, акырыкы он жылда 150 банк иргелип отуруп, ирилешкенкенин жана иш сапатын жакшыртканына да токтолду.
Казакстандык банкирлер үчүн болочокто ички базар тар болорун, анүчүн тышкы базарга чыгууга азырттан камдануусу керек экенине “ТуранАлем” банкынын тышкы капиталды тартуу бөлүмүнүн башчысы Садыр Шагужаев көңүл бурду:
-Казакстандын экономикасынын сыйымдуулугу жана элдин саны чектелүү болгондуктан, жакынкы жылдары банктарга тардык кылып калат. Акыркы жылдары биз көргөн бараандуу өсүш эки-үч же беш жылда токтойт. Клиентер азыркыдай көбөйүп туруусу үчүн биз Россия сындуу коңшу өлкөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну ойлонушубуз керек.
Шеринеде экономикадагы “опурталдуу жагдайлар” жөнүндө да айтылды. Мисалы, Казакстандын банк секторундагы тышкы карыздардын көлөмү 40 проценттен жогору, эмгек акы тынбай өсүүүдө, инфляция 8, 5 процентке чукул. Бул абалды Эларалык финансы корпорациясынын инвестициялар боюнча менеджэри Марттин Кимминг “ийгиликтин тескери жагы” деп атады.