Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 04:27

АРИС АЙЫЛДАГЫ ЖАШОО ДЕҢГЭЭЛИН КӨТӨРӨТ


Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги же АРИС уюму учурда беш долбоорду ишке ашырып жатат. Бул долбоорлордун баардыгы элетти, кичи шаарларды өнүктүрүүгө, айыл маселелерин тургундар менен биргеликте чечүүгө багытталган. Уюмдун азыркы ишмердүүлү, аракетттери тууралуу АРИСтин координаторлору Миркамил Абдивасиев жана Майрамбек Таиров менен “Азаттыктын” кабарчысы маектешкен.

Майрамбек Таиров:

- Азыркы күндө уюм беш чоң долбоорду иш жүзүнө ашырып жатат. Бул – “Айылды инвестициялоо”, “Чакан шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын өнүктүрүү” долбоорлору. Жакында “Айыл жергесиндеги жашоону микрокредиттер аркылуу жакшыртуу” деген чоң долбоорубуз ишке кирди. Ошондой эле Германия фонду жардам берген, “Айылды инвестициялоо” долбоору менен чогуу иштеп жаткан, ичине инвестициялык долбоорлорду камтыган дагы бир долбоорубуз бар. Мына Кыргызстанда эки деңгээлдеги бюджет болот деп атат. Ошонун тегерегинде дагы бир долбоорубуз иш жүзүнө аша баштады. Бул - “Айыл өкмөттөрүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы финансылык кызматкерлерди окутуу” деп аталат.

Эми Ош жана Бишкек шаарларында иштөө пландаштырылып жатат. Азыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эгер баары жакшы болсо, биз 2008-жылдан баштап ушул эки шаарда да иш башташыбыз мүмкүн.

- Азыр негизи кайсы аймактарда иштеп жатасыздар?

Майрамбек Таиров:

- Биздин эң алгачкы долбоорубуз “Айылды инвестициялоо” долбоору. Кыргызстанда 475 айыл өкмөтү бар. Анын курамында 1800дөн ашык айыл бар. Бул долбоор боюнча биз 2006-жылдын ноябрь айына чейин 348 айыл өкмөтүндө иштесек, 2006-жылдын 1-ноябрынан баштап Кыргызстандагы баардык айылда иштеп жатабыз. Кыргызстанда 23 чакан шаар бар. Экинчи долбоорубузга баардык чакан шаарлар тартылган. Айылдагы жашоону жакшыртуу боюнча долбоорубуз Ош жана Чүй аймагында иштейт. Айыл өкмөттөрүндөгү бюджеттик окутуу болсо жалпы Кыргызстанга таркаган.

- Кыргыз айылдарынын эң башкы муктаждыктары эмнеде?

Миркамил Абдивасиев:

- Баардык эле айыл өкмөттөрүнүн проблемалары окшош. Негизинен жакырчылык дейбизби, кедейчилик дейбизби бул көйгөйлүү маселе баардык жерде окшош болуп атат. Буга эки үч факторлор себеп. Биринчиси айыл жергесинде жашаган дыйкандарыбыз өндүрүп алган продукциясын сыртка алып чыгып, убагында жакшы баага сата албай жатат. Экинчиден, союз таркагандан бери жерлерди агротехникалык жол менен иштетпегендиктен түшүмдүүлүк кескин түрдө начарлап кетти. Үчүнчүдөн экологиялык абал да терс таасирин тийгизип, бүгүнкү күндө продукцияны өндүрүп сыртка алып чыгып сатыш эмес, өзүн-өзү багуу маселеси оор турат.

Бул багытта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү аракет кылып жатат. Бирок алардын бюджетинде бул максатта такыр акчасы жок, бул бир жагынан. Экинчи жагынан, совет доорунда курулуп, кийин калып кеткен инфраструктуралары, имараттардын акыбалы өтө кейиштүү болуп, согушта талкаланганга окшоп баратат. Бүгүнкү күндө чукул чара көрүп, сактап калбасак, булардан кол жууп калабыз.

Мен жетектеген “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын инфрастурктурасын каржылоо” деген долбоор 10 миллион евролук портфель. Мунун 8 миллионун кыргыз өкмөтүнө Германия өнүктүрүү банкы берген. Бул каражаттын 2 миллиону грант катары берилген. Ушул жалпы кредиттик портфелди Ош, Жалабат облусундагы айыл өкмөттөрдүн инфрастуктурасын оңдоого жумшап жатабыз.

Аристин башкы долбоорлордон негизги айырмасы, биз акчаны Бишкекте отуруп алып бөлбөйбүз. Бул жерден бербейбиз. Бизге кирген ар бир айыл, айыл өкмөтүнүн эли өзү чечет. Тийиштүү түрдө ар бир инсанга төрт жылдын ичинде 600 сом тийет. Ошол 600 сомду кайда жумшайт, айыл өзү чечет. Ошондуктан айылдын эли өзү катышып, өзү активдүү аралашып, өздөрү ошол акчанын суммасын билгенден кийин анын тагдырына өздөрү жооп берип жатат. Ушундан улам биздин долбоорлор эл арасына кеңири жайылып жатат. Анткени коррупция жок. Уурдап тоноо жок. Эл ишене баштады. Кокуй, мына өзүбүзгө келген акчаны уурдатпай, максатттуу, бир тыйынына чейин коромжу кылбай жакшынакай иштесек, бир чоң ишти бүтүрүп алса болот экен деген ойлор пайда болду.

Ош жана Жалалабат областарында биздин уюм аркылуу 1190 долбоор ишке ашты жана ага 192 миллион сом жумшалды. Буга эл өзү да катышып жатат. Мына 20-25 пайызга чейин эл өзү эмгек түрүндө, ошондой эле накталай акча түрдө берип катышып жатат.

- Сиздердин уюмуңуздардын ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизген кандай жагдайлар бар?

Миркамил Абдивасиев:

- Биринчиден бул каражат ошол совет доорунан калган проблемаларды чечүүгө жетпейт. Экинчиси ошол каражаттарды сапаттуу пайдаланууда бир проблема келип чыгып атат. Мына көпчүлүк биздин адистер Россияга чыгып кетип калбадыбы, ошондуктан ар бир жерде, ар бир айылда курулуп аткан объектилердин сапатына биздин көңүлүбуз толбой жатат. Анткени, адистер жок. Экинчиден, азыраак акча алса дагы, айылдын эли көбүрөөк проблемаларды чечип алабыз деген жолго түшүп алган.

- Сиздердин баамыңыздарда кынтыксыз кыргыз айылы кандай болушу керек?

Майрамбек Таиров:

- Биз деле ушинтип элестетебиз. Биздин айылдарда элдер өздөрүнүн проблемаларын чогуу чечкенге, проблемаларын чогуу иликтегенге, ички тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдаланганга мүмкүнчүлүгү жетип, айылдын, айыл өкмөтүнүн, областтын республиканын деңгээлинде жүрүп жаткан саясий-экономикалык иштерге акылмандык, токтоолук жана ар тараптан түшүнүү менен катышса деп үмүттөнөбүз.

Биздин айылдарда татынакай инфраструктура болсо деген оюбуз бар. Ошол жерде эл таза суу менен камсыз болсо, сугат суулары жетишсе, электр жарыгы болсо, мектептерде компьютердик класстар, жаңы технологиялар жетсе, айылдарда жакшы адистер кетип калбай, ошол жерде тийиштүү эмгек акы алып иштесе. Мындайча айткан ар тарабынан төп келишкен жакшынакай айылдар болсо.



Миркамил Абдивасиев:

- Ар бир адамдын тагдыры өзүнүн колунда. Ар бир айылдын эли канчалык аракетчил, ынтымактуу, максаттуу болсо, алар сөзсүз алдыга койгон иштерин чече алат. Мурдагыдай психология менен президент келип жасап берет, депутат келип жасап берет дегенден алысыраак болушубуз керек. Өзүн-өзү башкаруу принцибин каалап атабызбы, демек анын жоопкерчилигин да түшүнүшүбүз керек. Биз ушул укук жакка көбүрөөк басым жасабастан жоопкерчилик жагын да эске алсак. Бир топ мыйзамдарыбыз кабыл алынган. Аны эми иштетиш, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аймагында жашаган элдин колунда.

- Келечек Интернет менен тыгыз байланышкан эмеспи. Айылдарды интернеттештирүү боюнча АРИСтин долбоорлору барбы?

Миркамил Абдивасиев:

- Чындыгында айылдар бүгүнкү күндө инновациялык, маалыматтык технологиялардан артта калган. Бирок артта экенбиз деп отура берсек, бирөө келип жасап бербейт да. Ушул максатта АРИСтин чоң компоненти бар. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу структурасын инновациялык технологиялар менен камсыз кылуу үчүн бир миллион евро каралган. Бул компоненттин алкагында төрт чоң долбоор иштеп чыктык. Эң алыскы, байланыш жок, жолу начар айылдарга спутникалык байланыш түзүп берели деп атабыз. Ишке кирген долбоорду кийин улантып кетиш, сактап калыш, иштетиш ошол айыл элинин мойнунда болуш керек да. Биз эми аны өмүр бою карап бере албайбыз. Маселе ушунда экен, ошол айылдын эли ушуну чечип алалышпайт экен.

Майрамбек Таиров:

- Мен кошумчалап коеюн. Бүгүнкү күндө, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде маалымат-ресурсттук борборлорун ачканга көмөктөшүп жатабыз. Ушул убакка чейин элге жети миллион акча каражаты берилип, ага 295 борбор ачылды. Эми алардын дээрлик баардыгында Интернетке мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Анткени, анын бир топ себептери бар. Ал жерде цифралык байланыштын, ошол жерде адистердин жоктугунан, же болбосо дагы кошумча жабдууларды сатып алууга каражат керектелгендиктен ишке ашпай жатат. Бирок ошол эле учурда, бул маалымат борборлорунун жардамы менен эл ар кандай маалыматтарды алып жатышат.

АРИС тарабынан 10-15тен ашыгыраак телефондоштуруу иштери жүргүзүлдү. Жакында эле Баткен облусунда байланыш түйүнү ачылды. Ошол жерде жергиликтүү тургундар өздөрүнүн Россияда, Казакстанда окуп, иштеп жаткан жакындары менен айылда эле туруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алышты.

Азыр Интернетке чыгуу маселесин чечүү үчүн биз Кыргызстанда ушул багытты адистешкен уюмдар менен ишти баштап жатабыз. Эгер алар менен иштешип калсак, биз жергиликтүү адистерди даярдоодо, алардын Интернет менен иштеп кетүүсүнө жана ошол алган маалыматты элге кантип жеткириш керек, ошол маалыматты кантип башкарыш керек, мына ушул багытта дагы иштерди жүргүзүү үчүн бир топ аракеттерди жасайбыз.

- Маек куруп бергениңиздерге рахмат.


Маалымат үчүн: Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги же АРИС уюму 2003-жылы түзүлгөн.

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы

XS
SM
MD
LG