Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

13:03 Жалалабат: Бийлик курамында аял-эркек теңчилиги болбой жатканы сынга алынды

ЕККУнун колдоосу астында «Аялдардын колунан бардыгы келет» борбору менен социалдык технологиялар агенттиги уюштурган талкууда бийлик структураларында аял-эркек теңчилиги жөнүндө маселе каралды. Анда чыгып сүйлөгөндөр бийлик курамында аялдардын санын 30 пайызга жеткирүү жөнүндөгү Президенттин жарлыгы кагаз жүзүндө калганын сынга алып белгилешти. Борбор Азиянын Кыргызстандан башка өлкөлөрүндө аялдар парламентте 8-18 пайызды түзөрү, каражаттын тартыштыгынан, колдоонун аздыгынан жана жеңилдиктин жоктугунан Жогорку Кеңешке аялдар өтпөй калып жатканы айтылды. Эмки шайлоодо аялдардын утушу үчүн саясий партияларга өкмөттөн каржы ажыратуу, түшүндүрүү иштерин жайылтуу тууралуу сунуштар көтөрүлдү. (YA)
XS
SM
MD
LG