Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

ТҮРКМӨНСТАНДА ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛОО – КИМ КЕЛЕР ЭКЕН?


11-февралга белгиленген Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо кимдин мөрөйү үстөм чыгарынан эч ким шек деле санабай калды окшойт. Антсе да Түркмөнбашыдан кийин өлкөдө жеке бийлик системасы өзгөрүлөбү, саясий-экономикалык реформаларга азыноолок жол ачылабы суроосу ушу тапта көптөрдү ойлонтууда.

Түркмөнбашынын режиминен ыдык көрүп, чет жерде баш калкалап жүргөн Гүлшаттын тилеги – түркмөн элине деле эркиндик берилсе, улутташтары да башкаларчылап каалаган жерине ээн-эркин чыгууга шарт түзүлсө.

- Ниязовдун системасындай башкаруу болбосун, жабык өлкө болбосун. Адамдар минтип азап тартышпасын,- дейт Гүлшат.

Тахир да ушу тапта Атажуртун эстеп, Мекенин эңсеп жүргөн кези. Анын пикиринде президент ким болсо да эң биринчи иретте карапайым калктын мүдөөсүн ойлогон инсан болсун.

- Президент ким болсо да Түркмөнстанга кирип-чыгууну жеңилдеткен жетекчи болсун. Түркмөнстан жарандары үчүн виза шартын жеңилдетсин,- деп айтты Тахир.

Бишкектеги эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери Ыкбал Мирсаитов Түркмөнстандагы шайлоонун кандай өтүшү бир же бирнече адамдардын ыкласына, активдүү аракетине көз каранды эмес деген пикирде. Калк кандай чечет- кеп ушунда.

- Демократиялык шайлоо деген сөздү калк кандай кабылдайт? Оболу элдин өзү даярбы деген суроону беришибиз абзел. Демократиялык шайлоо болушу үчүн ириде ага калк өзү даяр болушу керек го.

Ыкбал Мирсаитов Түркмөнбашынын тушунда өткөн саясий иш-чаралардан тажаган эл бул ирет мамлекет башчысынын тандоодо жаңылбашы керек дейт. Ушу тапта Түркмөнстанда болуп аткан саясий окуяларга ичтен да, сырттан да кылдат баам ташталып, өлкөнүн эртеңкиси аныкталчу учур жакындоодо.

Саясат таануучу Советбек Абдырасуловдун пикиринде, Түркмөнстанда президент-хан бийлиги орнотулган болчу. Ага биротоло көнүп калган калктын кескин саясий жаңыланууну кучак жая тосуп алышы күмөн. Ошол себептүү экинчи президент болууга талапкер адам сөзсүз Түркмөнбашынын жолун жолдоого мажбур болот.

- Жолун жолдоого аракет кылат. Түркмөнбашыдай болсо өзүнүн деле иши жакшы жүрө берет,- дейт С.Абдырасулов.

Махмуд Кашкары атындагы Чыгыш университетинин ректор орунбасары Айдарбек Көчкүнов Түркмөнстанда демократиялык талаптарга жооп берген шайлоо өтүшү күмөн, андайга коомдук жагдай-шарт түзүлө элек деген пикирде.

- Ушу 20 жылдан бери түзүлүп калган Түркмөнстандагы тоталитардык бийликтин шартында бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга туура келген демократиялык шайлоо бул жерде өтөт деп айтуудан мен алысмын. Анткени Түркмөнстандагы жарандык коом, жарандык сектор, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өнүгүш деңгээли өтөле төмөн. Ошондуктан менин оюмча, президенттик шайлоодо кайсы талапкерге күн мурунтан көбүрөөк көңүл бурулса, тырмакча ичиндеги «жалпы эл тарабынан кабыл алынса», ошол адам президент болоруна мен ишенемин.

Сүрөттө: Түркмөнстанда президентикке биринчи талапкер Бердымухаммедов Гурбангули.

XS
SM
MD
LG