Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

РОССИЯ МЕНЕН ЕВРОШАРКЕТ ОРТОК ПИКИРГЕ КЕЛЕ АЛГАН ЖОК


5-февралда Еврошаркеттин өкүлдөрү Москвада Россиянын тышкы иштер министри менен энергия маселелерин талкуулашты. Бирок тараптар энергия саясатындагы көз караш айырмачылыктарын жойо алышкан жок.

Еврошракеттин өкүлдөрү: уюмдун тышкы иштер маселелери боюнча комиссары Бенито Ферреро-Вальднер, уюмдун тышкы байланыштар жана коопсуздук маселелери боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана жана азыр уюмга төрагалык кылып жаткан Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмаер менен сүйлөшкөн соң Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия чет элдик инвесторлорго өлкөнүн мунай жана газ кендеринде иштөөгө кеңири укуктарды ыйгарууга каршы экенин билдирди.

-Биз өлкөлөрдүн өздөрүнөн өйдө турган кандайдыр уюмдарды түзүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз,-деди Лавров.

Россиянын Украина жана Беларусия менен болгон энергия чатагынан улам газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, бейпайга түшкөн Еврошаркет келечекте андай коогалуу абалдан өзүн коопсуздандыргысы келет. Ошондуктан уюм Россиянын газ жана мунай казуу тармагына, ошондой эле батышка мунай алып өтүүчү куурларында, кыскача айтканда, Россиянын мунай -газ системасында олуттуу роль ойноону каалайт. Еврошракет ошондой эле уюм менен Россиянын энергетика тармагындагы сооода алакаларында адилетүүлүк принциптеринин сакталышын талап кылат.

Россия болсо уюмду өзүнүн энергия тармагына, эгерде Еврошракет өз мүлкүнөн ага ошондой эле нарктагы энчисин ажыратып бере турган болсо, киргизе турганын айтууда.

Россия менен уюмдун ортосунда жаңы келишим боюнча жүргөн сүйлөшүүлөр уюмга мүчө Польшанын айынан туйукка капталган. Польша Россияга эт экспорттоого Москва тарабынан салынган чектөөнү алып таштоону талап кылып жатат. Россия менен Польшанын орток соодадагы келишпестик Польшадагы эттин эл аралык стандарттарга жооп бербегенине байланыштуу чыккан.

27 мүчө өлкөсү бар Еврошракет энергиясынын кеминде 25% Россиядан алат. Былтыр Россия менен Беларустун ортосунда болгон энергия чатагы батышка энергиянын ташылуусун үзгүлтүккө учуртып, Европада Россия энергия маселесинде ишенчиликтүү шерик боло албайт го... деген чочулоону жараткан.

Россия Батышты энергия менен камсыздоодо кетирилген кемчиликке транзит өлкөлөр күнөөлүү экенин, Еврошракет Энергия Хартиясына кол койгон Украина менен Беларусту тартипке чакыруусу керек деп эсептейт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG