«Энесай» гезитине маек курган легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Дүйшеев, Кыргызстанга мурда аты-жыты белгисиз болгон коррупция деген неме алтын казып кирген күндөн баштап киргенин, Борис Бриштейн деген эларалык аферист экс-президент А.Акаевдин досу, атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун жакшы санаалашы болгондугун айтып чыкты.
«Дело №» гезити, президент К.Бакиевдин бир тууган иниси Ж.Бакиев «Республикалык эмгек жана биримдик» деп аталган партияга мүчө болуу менен келаткан депутаттык шайлоого даярдык көрүп жатканын маалымдады. Ушул эле гезит, акыркы кездери Орусия жарандарынын арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыгына таянып, бул өлкөдө Кыргызстандын бедели биртоп түшүп кеткендигин мындай бир далил менен бекемдеген. Маселен өткөн 2006-жылдын июнь айында жазуучу Ч.Айтматовдун кадыры Орусияда 61 пайызды түзсө, бүгүн 26 гана пайызды түзүп калганын, мунун себебин, Орусия кылмыш ишин козгоп, издөө салып жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган экс-сенатор Игорь Изместьев дегенди таап алып, ишкер катары Бишкекке коштоп келгени менен байланыштырышкан.
«Слово Кыргызстана», гезити кадимки эле таш көмүрдөн жасалма жол менен синтетикалык мотор майын алууга болорун, дүйнөдө мындай мисалдар көп экенин, мисалы Түштүк Африка Республикасы ушундай жол менен жылына 10 миллиондон ашуун синтетикалык мотор майын өндүрүп чыгарарын, демек айрыкча көмүр кенине бай Кыргызстанда да так ушундай завод куруп, синтетикалык мотор майын алса болорун, ал үчүн буга кызыккандарды биргелешип иштешүүгө чакырган Таалай Керимбаев аттуу ойлоп табуучунун баяны басылды.
Мамлекетке бала керекпи? Ушундай суроо койгон «Белый пароход» гезити кыргыз өкмөтү селсаяк балдарына жакшылап көңүл бурганга шаасы жетпей жатканын, айрым уюмдардын эсеби боюнча бул өңдүү көчө балдарынын саны 5 миңден 15 миңге чейин жетерин, азыркы тапта аларга өз Ата Мекенине караганда эларалык уюмдар көбүрөөк камкордук көрүп келатканын жана мындан башка дагы көйгөйлөрүн көтөргөн.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ