Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Ходорковский ага коюлган жаңы айыптарды


МОСКВА. Россиянын Юкос мунай компаниясынын түрмөдө отурган мурдагы башчысы Михаил Ходорковский ага коюлуп жаткан жаңы айыптоолорду "уятсыз жалаа" деп атады. Бүгүн өзүнүн Интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө Ходорковский сот анын айыбын "жалган күбөлөрдүн "жасалма таныктары" менен ырастап, арыдан - бери өкүм чыгара койот деп айтты. 5- февралда Россиянын прокуратурасы Ходорковскийге "арам акчаларды адалдаган, бирөөнүн мүлкүн энчилеп алган" деген айып такты. Ходорковский азыр салык төлөөдөн качып, алдамчылык кылган деген айып менен сегиз жылдык түрмө жазасын өтөп жатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG