Эки жыл мурда Киевдеги ушул «Көз карандысыздык аянтына» («Майдан незалежностi») миңдеген адамдар топтолуп, ал таптагы украин жетекчилигине нааразылык билдирген эле. Бүгүн Киевдин негизги көчөлөрү жана «Майданы» кадимки абалына келип, чоң шаардын күнүмдүк турмушун баштан кечирип жатат.
Украинанын ушул борбор калаасы Киевде, башка улуттардай эле, кыргыздардын да диаспорасы бар. Киевдеги кыргызстандыктар эки жыл мурда өздөрүнүн «Шериктештик» деген коомун ачып, азыр жергиликтүү бийликтерден жер сурап жатышат. Ошол коомду кыргызстандык ишкер Азамат Исмаилов жетектейт.
А.Исмаилов: Украиналыктарда Кыргызстан тууралуу маалымат аз. СССРдин тушунда бирге болгонубузга карабай, азырга чейин «Киргизия» десең гана билишет, «Кыргызстан» десең таанышпайт. Биздин «Шериктештик» деген коом бул жактагы кыргызстандыктарга жардам берүү менен бирге өлкөбүздү таанытуу үчүн да иштейт.
«Азаттык»: Сиз өзүңүз ушул жерде окугансызбы?
А.Исмаилов: Жок, мен өзүм компьютердик-инженер кесиптигине Түркияда окугам. Бул жакка келгениме бир жылдан ашып калды. Азыр үй-бүлөм менен Киевде жашайм. Эми негизинен курулуш материалдарын Түркиядан алып келип, Украинага сатып жатабыз.
«Азаттык»: Бул жерде сиздерге окшоп ишкердик кылган кыргызстандык башка бизнесмендер да барбы?
А.Исмаилов: Ооба, азыр алардын саны кичине көбөйүп калды. Ал эми Кыргызстандын өзүнөн бир ишкерибиз бар, ал мөмө-жемиштерди бизден алып келип, бул жакка өткөрөт. 2004-жылы Түркиядан окууну бүтүргөн жаштар бул жакка көп агыла башташты. Өзүңүздөр билесиздер, түрк калкы бизнеске жакын болот эмеспи. Биздин көп жаштар ошол жакта үйрөнүп, такшалып, анан Украинага келип жатышат. Азыр бизде 12 ишкер бар. Алар же түрктөр менен чогуу иштешет, же жекече иш кылышат.
«Азаттык»: Эми сиз азыр бул жакка келип, кыргызстандыктардын башын бириктирейин деп ниет кылып жатыпсыз, буга чейин украин жеринде ушул өңдүү кыргыз диаспорасы болгон бекен?
А.Исмаилов: Буга чейин Украинада кыргызстандыктардын өздөрүнүн коому болгон эмес. Анткени Кыргызстан деле, Украина деле СССРдин алдында болчу. Бөлүнгөндөн бери көп деле убакыт өткөн жок. Андан бери биз да, Украина да эми эле араң өзүбүзгө келе баштадык. Эч ким мындай жагдай түзүлөт деп ойлогон эмес.
Расмий маалыматтарга ылайык, жалпы Украина боюнча азыр 1014 кыргызстандык жашайт. Алардын ичинде Украинада окуп, азыр ал жакта жашап калгандары да, ишкерлер да, жаш студенттер да бар.
А.Турганбаев: Менин атым Азиз Турганбаев. Мен Ысыккөл облусунун Тоң районунан келгем. Үч жылдан бери Украинанын Улуттук техникалык университетинде окуп жатам.
«Азаттык»: Азиз, бул жакта окуган кыргызстандык студенттер менен байланышың барбы?
А.Турганбаев: Ооба, анткени алардын дээрлик баары эле Кыргызстандын Билим берүү министрлиги аркылуу келишет. Соңку үч жылдан бери аларды тосуп, өзүбүз шаарды көрсөтүп, окуусуна жардам берип калдык. Азыр Кыргызстандан келген студенттердин 80% тааныйм го дейм. Мен билгенден, Билим берүү министрлиги аркылуу орточо эсеп менен 30 студент келген.
«Азаттык»: Мисалы, Москвада окуган кыргызстандык студенттер мезгил-мезгили менен жердешчилик кечелерин өткөрүп турушат. Силерде да ушундай иш-чаралар болобу?
А.Турганбаев: Былтыр Жаңы Жылда Киевке өлкөнүн ар кайсыл облусттарынан келген студенттер чогулдук. Ал эми май майрамдарында биз Харьковко бардык. Ошентип чогулуп турабыз.
«Азаттык»: Эми окууну бүтүргөндөн кийин эмне кылайын деп жатасың?
А.Турганбаев: Окуу бүткөндөн кийин Кыргызстанга барып, эми өлкөбүздүн керегине жараган атуулу болоюн деген ниетим бар.
«Азаттык»: Кыргызстанда каерде жумуш табам деп ойлойсуң?
А.Турганбаев: Мен бул жакка «Дастан» корпорациясы менен келишим түзүп келгем. Ага ылайык, окууну бүтүргөндө, Кыргызстанга барып, аларга үч жыл иштеп берем. 2004-жылы мындай келишим менен үч студент келгенбиз. Корпорация ай сайын бизге 50 АКШ долларынан стипендия төлөп турат, окууну бүтүргөндөн кийин биз аларга үч жыл иштеп беребиз. Студенттердин бирөө химия тарабынан, экинчиси электроника боюнча келген. Мен болсо акустика жана электроника боюнча адис болом.
Украинада туруктуу жашап калган кыргыз интеллигенциясынан жана студенттерден сырткары, Орусиядагыдай же Казакстандагыдай эле, базарларда же курулуш ишканаларында убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандык мыйзамсыз мигранттар да бар. «Бирок орус жеринде жүргөндөрдөн айырмаланып, бул жактагы мигранттар үчүн машакат деле азыраак», - дейт жергиликтүү кыргызстандыктардын «Шериктештик» коомунун жетекчиси Азамат Исмаилов.
А.Исмаилов: Эгер Москва менен салыштырсак, бизде проблемаларыбыз деле анча көп эмес. Анткени биздин саныбыз аз. Мындан ары адамдар көп келе баштаса, силер бүгүн Москвада көрүп жаткан көйгөйлөр бул жакта да болушу мүмкүн деп ойлойм.
«Азаттык»: Негизи, Украинада мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар барбы?
А.Исмаилов: Бизде мыйзамсыз мигранттарыбыз абдан көп. Алардын негизги бөлүгү Кыргызстандын Ош, Жалалабат облусттарынан келген өзбектер. Алар өзү соода-сатыкка жатык болгондуктанбы, айтор, бул жактагы базарларга кирсеңиз, Кыргызстандан келген сатуучуларга кезигишиңиз мүмкүн. Мигранттардын бул жакта каттоодон өтүүгө байланыштуу проблемалары көп. Бизге кайрылып жатышат, бирок биз аны чече албайбыз. Анткени Украинада чет-элдик мигранттардын укуктук абалын так даана көрсөтүп берген ачык бир мыйзамы жок. Бир органда бир нерсени айтса, экинчисинде такыр башкача маселени угасыз. Мисалы, биз бул жакка келип, расмий түрдө өзүбүздүн коомду ачып, ага өзүмдү жана бир-эки адамды каттадык. Калгандардын көбү кайсыл бир райондук укук коргоо органдарына барат да, кичине акча менен каттоого туруп алышат.
«Азаттык»: Демек, сиздерде деле Орусиядагыдай эле маселелер бар турбайбы?
А.Исмаилов: Ооба, Орусиядагыдай эле проблемалар бар, бирок ал жактагыдай катуу көзөмөл жок. Ошондуктан бул жерде проблемалар толук ачыкка чыкпай калат.
«Азаттык»: Орусияда, мисалы, азыр өздөрүн «скинхед» деп атап алган улутчул жаштардын топтору бар. Кээде өздөрүн скинхеддерге кошпосо да, улутчул ураандарды көтөрүп чыгып, чет-элдиктерди сабап турган топтор да түзүлгөнү белгилүү. Мына ушундай улутчулдук көрүнүштөрү бул жакта да кездешеби?
А.Исмаилов: Бул жерде улутчулдук жок деп айта алам. Анткени көбүнчө Кыргызстандан келгендерге биз квартира издешебиз. Ошондо кайсыл жерге барсак да бизди «Улутуңар башка экен, силерге квартира бербейбиз» деген сөздөр болбойт. Мындай учурлар Москвада өтө көп кездешээрин угуп жүрөбүз. Украинада улутчулдук Одесса тарапта бар. Себеби ал жерде орусиялыктар көп. Киев шаарында болсо андай проблема азырынча жок.
Киевдеги кыргызстандыктар менен жолугушууга бул жакта 10 жылдан бери жашаган сүрөтчү Тентимишов Турат ага да кызы Сайкал жана уулу Турдубек менен келген экен. Сайкал менен Турдубек бул жакта мектепти бүтүрүп, азыр эми Киевдеги Жогорку окуу жайларында окуп жатышканына карабай, бүгүн Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча кызуу талашып, тартышып отурушту. «Кыргызстандын тагдырына биз кайдыгер карай албайбыз», - дешет алар.