Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

15:40 Хизбуттахрир уюмунун мүчөсү саналган Атабек Абдумомунов кайрадан камакка алынды


Анжиян окуясын уюштурууга катышкандардын бири катары шектелип, 1-февралда Ош облустук милициясы тарабынан камакка алынган Абдумомунов депутаттар тобунун кепилдиги астында 3-февралда бошотулган. Катка кол койгон депутаттардын бири Санжар Кадыралиев шектүү саналган бул адам саясий оюндун курмандыгы болуп жатат деп билдирди «Азаттыкка». Соттук териштирүүлөргө чейин камакка алууга облустук бийликтин акысы жок деп эсептеген депутат коюлган айыптын негиздүү экенине ишенбейт.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, шектелген адамдын үйүнөн курал жана ок-дарылар, диний багыттагы үн тасмалар табылган. .(BuS)

XS
SM
MD
LG