Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

ТҮРКМӨНСТАН: КИЙИНКИ ПРЕЗИДЕНТ БЕРДЫМУХАММЕДОВБУ?


Түркмөнстанда мурунку президент Сапармурат Ниязов күтүүсүз жерден жүрөгү кармап кайтыш болгону, кезектеги президенттик шайлоо 11-февралга белгиленген. Учурда президенттикке талапкер катары алты адам ат салышууда. Түркмөнстандагы болуп аткан өзгөрүүлөргө сереп салып турушкан байкоочулар башкы талапкер катары учурдагы президенттин милдетин аткарып аткан Гурбангулы Бердымухаммедовду көрсөтүшүп, Түркмөнстандын кийинки президенти так ушул адам болорун болжолдошууда. Кыргызстандык серепчилер да Түркмөнстанда болуп аткан окуяларга өз бааларын беришүүдө.

Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстанга окууга келген түркмөн жаштарынын саны 2000дин тегерегинде. Алардын алты жүзгө чукулу Бишкек шаарында билим алышары айтыла калат. Кыргызстанда Түркмөнстандын элчилиги же өкүлчүлүгү болбогондуктан бул жакта жүргөн түркмөн жарандары өздөрүнүн өлкө башчысын шайлоого катыша албай калганы турат. Түркмөнстандан келген Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин студенти Мухабаттын айтымында, алар шайлоого катышмак тургай кимдер президенттикке ат салышып атканын да жакшы билишпейт:

- Кала берсе кимдер президенттикке талапкер болуп атканын деле билбейбиз. Алардын биографиясына да кызыгып көргөн жокпуз. Кызыккан күндө деле биздин убактыбыз жок. Бул жакта биздин өзүбүздүн иштер, көйгөйлөр бар.

Ошол эле окуу жайда окуган Түркмөнстандык Амандын айтуусунда, Ниязовдон кийин деле ошол режим уланары айкын боло баштады:

- Мен ар бир беш мүнөт сайын окуп аткан жаңылыктарга караганда божомолдор жакшы эмес. Ниязов учурунда биздин коомчулук кандай болсо, азыр деле ошол бойдон калды. Эч кандай өзгөрүү жок.

Ал эми дагы бир түркмөн жараны, Медициналык академиянын стамотология факультетинде окуган Мерген, эгер мүмкүнчүлүк болсо шайлоого сөзсүз катышат элем дейт:

- Эгер мүмкүнчүлүк болсо шайлоого барат болчумун. Албетте, өз кишибизди колдомокмун. Мен мисалы стамотологдун окуусун окуп атам. Болочок президент да стамотолог. Ал азыр өз программасын түзүп, эмне жасай турганын айтып атат. Кыскасы, эми демократия болот. Мурункудай эмес, ачык өлкө болот.

Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого карата кыргызстандык саясат талдоочулар да өз пикирлерин билдире башташты. Негизинен Түркмөнстан жабык өлкө болгондуктан, серепчилер бул өлкөдөгү окуяларга тереңден талдоо жүргүзүү бир аз татаал иш экендигин айтып келишет. Белгилүү саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин ырасташынча, Түркмөнстандагы президенттикке талапкерлердин ичинен эң ыңгайлуу абалда турган Гурбангулы Бердымухаммедовдун шайлоодо жеңип чыгарына ишенип койсо болот:

- Түркмөнстандагы шайлоо он биринде өтөт. Ал жакта алты талапкер болуп атат. Бирок, ошолордун ичинен Бердымухаммедовдун шарты аблдан ыңгайлуу, жакшы. Анткени ал бийликтеги киши да. Ошондуктан сөзсүз административдик ресурстар, күч-кубат, материалдык-техникалык күчтөрдүн бардыгы иштейт. Анткени биздин чыгыш элинин менталитетин да караш керек да. Мисалы, биздеги шайлоо системасы батыштыкы менен аты бир заты башка болуп атпайбы. Ошондуктан ачык эле айтып койсо болот. Бердымухаммедов бул шайлоодо жеңип чыгат.

Кыргызстандык жаш саясатчы Адил Турдукуловдун пикиринде Түркмөнстанда өтүп аткан президенттик шайлоо жасалма болуп саналат:

- Түркмөнстанда азыр түзүлгөн саясий система жабык саясий система. Чыныгы демократиялык процесс аркылуу уюшулган шайлоо болгон жок. Дегеле азыркы Борбор Азиядагы башкарып аткан лидерлер, булар бардыгы советтик системадан калган лидерлер. Алар чыныгы укуктук мамлекетти курууга жана атуулдук коомдук түзүүгө эрки да шарты да жетпейт. Мында мен Кыргызстандын президентин да кошо кетет элем.

XS
SM
MD
LG