Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ОШТО УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН БЕШ ЛИДЕРИ КАРМАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто уюшкан кылмыштуу топтордун лидери катары шектелген беш адам кармалды. Ички иштер органдарынын кызматкерлери аталган иш-чара уюшкан кылмыштуу топтордун байланышын үзүү, алар тарабынан жасалган кылмыштардын бетин ачуу жана зыянсыздандыруу боюнча чечимдин негизинде жүргүзүлгөндүгүн билдиришти.

Жергиликтүү ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Карасуу району боюнча таасир чөйрөсүнүн кожосу Кубат Ашимов, анын уюшкан тобунун активдүү лидерлери Арзыбек Жунусов, Жаныбай Бегматов, Баткен облусу боюнча кылмыш дүйнөсүнүн төрөсү Мырзабек Эргешов жана Ош шаарынын кароочусу Абдыманап Сатыбалдиев ар кайсы абалда, бирок бир учурда кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Аширбаев жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери шартуу аталыштагы атайын иш-чаранын жүрүшүндө колго түшүрүлгөндүгүн билдирди:

- Ички иштер министрлигинин приоритеттүү багыттарынын бирден бири бул - уюшулган топтор менен күрөшүп жана алар тарабынан жасалган кылмыштардын бетин ачуу жана алардын байланыштарын жок кылуу. Бул боюнча 2006-жылы 20-ноябрда ички иштер министринин атайын коллегиясында каралып, ушул чечим кабыл алынган. Ошол чечимдин негизинде атайын план түзүлүп, бүгүнкү күндө кылмышткерлердин кармалышы ошонун натыйжасы болуп саналат.

Ишмердүүлүгү күмөндүү деп эсептелинген Караcуулук Кубат Ашимов мыйзамсыз курал сактаган жана ири өлчөмдөгү жер салыгын жашырган деп айыпталууда. Ал эми калгандарынын мындан бир канча жыл мурунку жабылып калган тоноочулук, каракчылык сыяктуу иштери кайрадан козголууда.

Жергиликтүү талдоочу Ризван Исмаилова уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери буга чейин деле бир канча ирет кармалып, бирок белгисиз себептерден улам ар кандай инстанциялардан бошотулуп келгендиги коомчулука маалым экендигин белгиледи:

- Уюшулган кылмышкерлердин бар экендигин, алар өзүлөрүнүн талабын, ишин жүргүзүп жатканынан кабар берип турат. Ошолорду кармады деген сөз бар, бирок кармалгандан кийинки тагдыры кайра эле белгисиз бойдон калат. Алар мүмкүн ар кандай инстанциялардан, соттордон, прокуратурадан бошонуп, кайра эле өздөрүнүн ишин улантып аткандыгы табигый эле көрүнүш болуп калды.

Ал эми экинчи бир талдоочу Шераалы Ураимов уюшкан кылмыштуу топтор саясий күчтөрдүн буйуртмалары менен иш алып барып, аралашып калган учурда аларды бири-биринен айырмалап таануу кыйын болуп бара жаткандыгына токтолду:

- Белгилүү даражадагы криминалдар кармалып, кандай күнөөлөрү бар экендигин закондун алдында жоопкерчиликке тартылбай атат. Исхак Раззаковдун жакшы сөзү бар эле “Сен таза болсоң, мен таза болсом анан коом таза болот” деген. Бийлик структурасында, укук коргоо органдарында болобу таза инсандар таза жүрөктөрү, таза колдору менен иштеп, ошолордун бетин ачып, элге жарыяласа кандайдыр бир өзүнүн кичинекей жемишин берет беле.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын маалыматына караганда кармалган уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин коомдук резонанс жараткан кылмыштуу иштерге тиешесинин бардыгы иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG