Эгерде эл аралык коомчулук адам укуктарын коргоодо олуттуу реформаларды жүргүзбөсө, Түркмөнстанда жекшемби күнү өтө турган шайлоодо “жаңы диктатура” бийликке келиши мүмкүн. Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму билдирди. Анын аралыгында Эл аралык мунапыс уюму түркмөн бийлигинен саясий куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Лондондо негизделген уюм түркмөн өкмөтүн саясий айыпкерлерди бошотуп, адам укуктарын урматтоого үндөдү.