Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

14:21 "Эркиндик" партиясы Баткен облусундагы зилзаладан жабыркагандарга көмөк көрсөтөт


"Эркиндик" партиясы менен партияны колдогон ишкерлер Кызылкыя шаарына Баткен облусундагы жер титирөөдөнн жабыр тарткан адамдар үчүн 16 тонна ун, 3 тонна картошка, жарым тонна чай, 1 тонна күнкарама майы менен мектептерге окуу китептери менен окуу куралдарын топтоп койду. Соопчулук жардамы 10-февралда Кызыл кыядан Баткенге жеткирилип, бийлик уюмдары аркылуу эмес, жергиликтүү активисттер аркылуу Баткен облусундагы Катыраңкы, Өзгөрүш, Тогуз булак айылдарынын мурда жардам албаган тургундарынын колдоруна тапшырылат. Бул тууралуу Жалалабат облусунда болгон партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, элдин бөлүнбөгөндүгүн мисалы, алгачкы жардам Кочкор районуна Жалалабат облусунан жеткирилген."Эркиндик" партиясы Кочкордогу өзгөчө
жабыр тарткан 8 айылга 900 миң сомдук ( 220 тонна көмүр,10 тонна ун, бир тонна май, жарым тонна чай, мектеп эмеректерин) тапшырып келген. (YA)

XS
SM
MD
LG