Сүйлөшүү кечээ кыргыз тараптын демилгеси менен телефон аркылуу болду. Президенттик маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, анда эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достук-кызматташтык мамиле, экономикалык карым-катыш жана Орусиядан келүүчү инвестиция тууралуу пикир алышышты. Мындан тышкары президенттер Шанхай кызматташтык уюмунун жакында Кыргызстанда өтүүчү саммитинин жүрүшүн да талкууга алышкан.
06:00 Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөштү