Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

06:30 “Агым” гезитин жоопко тартуу талаптары күчөөдө


Республикалык эмгек жана биримдик партиясы, “Кыргызстандын президентин колдоо коому”, “Ар-намысты жана ишкер абройду коргоо” комитетинин өкүлдөрү гезитке тиешелүү чараларды көрүү талабы менен тартип коргоо органдарына кайрылышкан. Алар гезит бетине жарыяланган айрым макалалар аркылуу “Агым” гезити кыргыз улутуна шек келтирүүчү, кээ бир уруулар арасында каршылашууну пайда кылуучу кадамдарды жасап жатат деп айыпташууда.
Ал эми басылманын баш редактору Эрнис Асек уулу “Агым” гезитинде мындай мазмундагы макалалар жарык көрбөгөндүгүн “Азаттыкка” маалымдады.

XS
SM
MD
LG