Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитети 2005-2006-жылдарда болгон буйрутма киши өлтүрүү кылмыштарынын бетин ачууда Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Осмонаалы Гүрөңовдун, Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталиновдун ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Аталган комитеттен алынган маалымат боюнча коргонуу жана коопсуздук комитети Башкы прокуратура менен ИИМнин жетекчилеринин жоопкерчилиги боюнча кайра карап чыгууну президентке, ал эми өкмөткө буйрутма киши өлтүрүү кылмыштарын изилдөөнү жана бетин ачууну өзгөчө көзөмөлгө алуусун сунуш кылууда.