Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

07:55 Москвадагы базарларда чет элдик мигранттардын соода кылуусуна кайрадан уруксат бериле баштады


2006-жылдын аягында киргизилген квота тууралуу Орусиянын федералдык мыйзамына ылайык Москванын азык-түлүк базарларындагы соода орундарынын 50% жергиликтүү фермерлерге бекитилип берилген. Бирок Орусия борборунун керектөөчү базарлар департаменти бул мыйзам ишке киргенден тарта базарлардагы соода орундарынын 70% бош калып, ал эми азык-түлүктөрдүн баасы бир топ кымбаттап кеткендигин билдирген. Мунун натыйжасында шаар бийлиги бош калган орундарды жалпы эрежелердин негизинде ижарага берүү тууралуу чечимин чыгарды. Эми мындан ары Москвадагы азык-түлүк базарларында кайрадан чет элдик мигранттар соода кыла алышат деп жазат “Коммерсант” электрондук гезити.

XS
SM
MD
LG