Мындай чечим Сербиянын президенти Борис Тадичтин өтүнүчүнө ылайык кабыл алынды. Жаңы шайланган серб парламенти алдыдагы аптада сессияга чогулуп, жаңы өкмөт түзүүгө тийиш. Кечээ Косовонун түндүгүндө миңдеген сербдер митинг өткөрүшүп, провинцияга көз карандысыздык берүү планын айыпташты.