Бүгүнтөн тартып АКШнын аскери контингентине генерал Дэвид Петреус командачылык кыла баштайт. Кечээ Иракта америкалык үч жоокер окко учту. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында америкалык аскерлер жергиликтүү беш, айрым маалыматтарга ылайык, сегиз күрт полицмендерин жаңылып атып алышты. Ирактын президенти Жалал Талабани бул иш боюнча кошумча маалымат берүүнү талап кылды.