Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын апрель айында болуучу бул сапар Түркиядагы кыргыз элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылмакчы. Анда түрк ишкерлери Кыргызстандын экономика структураларынын жетекчилери жана тиешелүү министрлер менен жолугушаары күтүлүүдө. Мындан тышкары алар үстүбүздөгү жылдын 18-20-апрелинде Бишкекте өтүүчү “Бишкек-Build” көргөзмөсүнө да катышат.