Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

15:30 Кыргызстандык мигранттар Орусиядан Украинага өтүп жатышат


Буга Орусия өкмөтүнүн мигранттарга байланыштуу акыркы мыйзамдары жана токтомдору түрткү болууда деп билдирди “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Жума Абдуллаев “Азаттык” үналгысына. Анын айтуусунда январь айында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынан 14 кыргыз үй-бүлө Украинанын Донецк шаарына көчүп кеткен. Кыргызстандык соодагерлер менен ишкерлердин иш алып баруусуна жана жашоосуна Украинада жакшы шарттар бар дейт ал. Өткөн жылдын аягында аталган биримдик Украинанын Донецк облусунун бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу соода иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөшүшкөн. Жума Абдуллаевдин маалыматы боюнча Москвага жиберилген кыргызстандык товарлар негизинен Украина менен Белоруска реэкспорт болот.

XS
SM
MD
LG