Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

ГРЕК- РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДОР АНЫКТАЛДЫ


Кабыл Макеш,Бишкек 10- февралда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн быйылкы чемпиондору аныкталды. Ошондой эле эркин күрөштөн кыз-келиндер күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөрү келишти. Мөрөй талашууда Кыргызстандын тандалган жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Бишкектеги «Бүркүт» спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков жеңип алды.

60 кг. салмакта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Атай Койчукулов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Баш байгени уткан Атай мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, эми майда Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

66 кг салмакта да “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Султан Мухтаров биринчи орунду камсыз кылып, өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74 жана 86 кг салмакта Олимпиадалык даярдоо борборунун балбандары, Азия биринчилигинин жеңүүчүлөрү Асылбек Бөдөшев менен Куралбек Ордобаев былтыркы чемпиондук наамдарын сактап калышты.

96 кг. салмакта бишкектик Азат Эркинбаевге теңдеш чыкпады. Ал баш байгени утуп, өлкө чемпиондук наамын сактап калды.

Оор салмакта салмакта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын студенти Султан Ырсалиев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айгининелеп, чемпионаттын баш байгесин утуп алды.

Белгилей кетчү жагдай былтыр декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15- Азия оюндарында мөрөй алган балбандар Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Нурбек Ибрагимов өлкө чемпионатына катышкан жок. Дохада грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткан Руслан Түмөнбаев бул чемпионатта үчүнчү орунду ээлеп, дале калыбына келе албай жатканы байкалып калды. Русландын айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши, күзүндө Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган дүйно чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандарга 2008-жылы Пекинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча кыз-келиндери килем үстүндө күч сынашып, жеңил салмактарда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттери Гүлнара Исабекова, Диля Осмонова жана Гүлина Кубатбек кызы Кыргызстандын чемпиондору аталды.

Ал эми 59 кг. салмакта бишкектик Юлия Борисова жеңишке жетишти. 63 кг. салмактын баш байгесин да Кыргыз техникалык университетинин студенти Элзат Сарыгул кызы утуп, тандалма команданын мүчөсү болду.

Ошондой эле 67 кг. салмакта да өлкө чемпиондугуна жогоруда аталган окуу жайдын өкүлү Асел Иманалиева арзыды.

79 кг. салмакта Азия чемпионаттардын көп жолку жеңүүчүсү, 14- жана 15- Азия оюндарынын коло медаль ээси Яна Панова быйыл да чемпиодугун сактап, жогорку чеберчилигин айнинеледи.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында өлкө биринчилигинде тандалган балбандар май айында Бишкекте өтчү Азия чемпионатына катышып, намыс талашат.

Эми эртең эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо - өлкө чемпионатынын таймашуулары болмокчу.
XS
SM
MD
LG