Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

КРЕМЛЬ ТАТАРСТАНГА ЫКЛАСЫН САЛУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Жума күнү, 9-февралда, Орусиянын Мамдумасы федералдык борбор менен Татарстандын укуктарын так ажыратып көрсөткөн келишимди көпчүлүк добуш менен жактырды. Анын кабыл алынышы үчүн 306 депутат добуш берсе, 110 депутат каршы чыкты. Документти жактырбагандардын айтымында, ал «Орусиянын федеративдүү мамлекет катары келечегине балта чабат».

Эң оболу айта кетүүчү нерсе, жакында Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев 70 жылдык юбилейин белгилеген. Мамдумада келишимдин үстүндө чын эле кызуу талаш-тартыштар болуп, ЛДПР партиясынан Алексей Митрофанов, мисалы, орус президенти тарабынан сунушталып, жактырылган документти «Шаймиевке жөнөтүлчү белек деп тааныганга» болот деп эсептей турганын айтты:

- 70 жаштагы адам үчүн Орусияда регионду башкаруу деген чын эле эрдик. Биз ага жөн гана белек жасадык. Муну ушинтип түшүнүш керек.

Келишим чынында орус президенти Владимир Путин тарабынан сунушталган жана анда Татарстанга, айрым аналитиктердин айтымында, азырынча башка региондорго бериле элек укуктар ыйгарылат.

Келишимдин маани-маңызы мындай. Экономикага, экологияга, маданиятка жана республиканын турмушуна тиешелүү башка тармактардагы маселелерди Москва менен Казан биргеликте жеке келишим түзүп алып чече алышат. Татарстан мындан сырткары татар диаспораларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Эң башкысы, жаңы келишимге ылайык Татарстан чет мамлекеттер же алардын региондору менен эларалык жана тышкы экономикалык алакаларды түзө алат. Ал эми Татарстандын тургундарынын паспортунда республиканын герби тартылган баракча болот жана баардык маалымат орус жана татар тилинде жазыла турганы айтылган. Республиканы башкарууга аттана турган азаматтар болсо эми орус тилинен сырткары, татар тилин да сөзсүз билиши зарыл экени көрсөтүлдү.

Орус президентинин Мамдумадагы өкүлү Алексей Косопкиндин айтымында, келишим Орусиянын Конституциясына жана башка мыйзамдарына каршы келбейт, Татарстанга эч кандай өзгөчө укуктарды бербейт, болгону республикага тиешелүү айрым проблемаларды эске алуу менен түзүлгөн.

- Эгерде Татарстан менен жетишилген буга чейинки келишимди алсак, ал көлөмү боюнча да азыркыдан 10 эсе чоң болчу. Жаңы келишим Татарстанга Орусиянын башка субъекттеринде жок өзгөчө укуктарды бербейт, - деди президенттин өкүлү Алексей Косопкин.

Анткен менен Косопкиндин айткандарына Мамдумадагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттарынан башка эч ким ишенбеди окшойт. Парламенттин төмөнкү палатасындагы калган баардык партиялар – коммунисттер, ЛДПР, «Атамекен» жана бир канча депутаттык блоктордон турган «Элдик эрк» -, баары жаңы жактырылган келишим «Орусиянын ыдырашына алып келе турган документ» деп ишене тургандыктарын айтып жатышты.

Айрым серепчилердин ишениминде, Татарстан менен жетишилген жаңы келишим, мисалы, Орусиядагы көйгөйлүү башка республикалар менен да мамилени аныктоого жардам болмок. Алар мисал катары Чеченстанды айтышууда.

XS
SM
MD
LG