Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

HIPC -ӨКМӨТТҮН ЭЛЕ ЭМЕС ӨЛКӨНҮН БАШ ООРУСУ БОЛДУ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Ушул апта ичинде кыргыз өкмөтү тышкы карызды жоюу үчүн ХИПК демилгесине кирүү маселесин карайт. Премьер-министр Азимбек Исабеков бул маселеге парламент акыркы чекитти койот деп ишендирүүдө. Атуулдук коом өкүлдөрү болсо өкмөттүн бул жыйынына укук коргоочуларды байкоочу катары катыштырууну талап кылышууда.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Куловдун HIPCке кирүү боюнча жеке жоопкерчиликти өз мойнума алам деген сөзү бар эле. Байкоочулардын айтымында, азыркы премьер-минитсрдин айырмачылыгы Азим Исабеков бул маселеде парламент менен кеңешебиз деп атат.
Финансы министри Акылбек Жапаров журналисттерге өкмөт ушул жумада HIPCке кирүү боюнча атайын жыйын өткөрүп, чечим кабыл аларын билдирди. Финансы министрлиги тышкы карызды жоюунун жападан жалгыз жолу бул HIPC демилгесине кирүү деген турумдан азырынча тайбай турат өңдүү.

Аталган министрликтин Тышкы карыз жана активдер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдуразаков “Азаттыкка”, HIPCте Кыргызстан корко турган эчтеке жок деп билдирди. Анын айтымында, HIPC бул мамлекеттик башкаруу, социалдык, тоо-кен, энергетика тармактарындагы реформаны гана талап кылган программа. Эрнис Абдуразаков тышкы карыз жана HIPC боюнча кырдаалды мындайча сүрөттөдү:

- Башка эч кандай жол жок. Айрым адистер сунуш кылып аткан карызды өлкөнүн туруктуу өнүгүшү аттуу программа бизге туура келбейт. Бул деген экологияны маданиятты тышкы карызга алмаштыруу деген сөз. Мисалы, Германияга болгон 380 миң доллар боюнча келишимге кол койгонбуз. Ага ылайык биз бул акчаны өзүбүздө алып калдык дагы, абактардагы кургак учук менен ооруган адамдардын дарысына, тамак-ашына котордук. Бирок биз дайым эле анте албайбыз. Польша өңдүү чет мамлекеттерден келген адистер деле анализ жасап, Кыргызстан бул жол менен тышкы карызды жойо албайт деген корутундуга келишти.

Анын айтымында, БУУнун резолюциясы аркылуу донор мамлекеттерге таасир этүү өңдүү сунуштар да натыйжа бербейт.

Ошентип кыргыз өкмөтү тышкы карызды жеңилдетүүдө жападан жалгыз жол катары HIPCти гана көрүп аткандай. Атуулдук коом өкүлдөрү болсо ушул аптада боло турган талкууга байкоочу катары катышууну көздөп атышат. Дүйшөмбүдө премьер-министрдин атына кат жолдоп, төрт укук коргоочунун өкмөттүн жыйынына катыштырууну суранышмакчы.

“Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун лидери Азиза Абдурасулованын айтымында, өкмөт парламент менен кеңешмек болгону жакшы, бирок анын башка жагы да бар:

- HIPC демилгесине ачык каршы чыгып аткан Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алып койгондугу кооптондуруп атат. Тышкы иштер министри катары жакшы эле иштеп, өз ордун тапкан болчу. Бул маселе боюнча өкмөттүн позициясы жумшарды деп айтыш кыйын. Болгону мурда Кулов катуу сүйлөп, тоскоол кылбагыла деп келсе, жаңы премьер-министр болсо парламент менен кеңешем дегени сүйүндүрүп атат.

Экономисттердин баамында, бул демилгеге кирүүдөгү эң башкы коркунуч Кыргызстан өз энергетикасына жана тоо-кен байлыктарына ээ боло албай калаарында:

- Экономикалык реформаны улантасыңар дегени калган-каткан мамлекеттик менчикти жеке менчикке айландырасыңар дегени. Электр тармактагы азыркы кризисти, мисалы, бааны көтөрүү аркылуу жойосуңар деп атат. Ансыз деле электр кубаты 3-4 эсеге кымбаттабадыбы. Ал эми реформа жасайбыз дегени тоо-кенди да менчиктештиресиңер деген сөз. Жең ичинен эчак сүйлөшүп пара алып койгон чет элдик компанияларга кендин баарын сатабыз деген сөз жатат артында. Бул жерде кептин баары коррупцияда болуп атат, -дейт Айылчы Сарыбаев.

Кыргызстандын тышкы карызы учурда 2 миллиард долларга жетип калды. Анын ичинен Дүйнөлүк банкка 612 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкына 532 миллион доллар, Жапонияга 227 миллион, Россияга 189 миллион, Германияга 52, Түркияга 48 миллион, Кытайга 14, Кореяга 18 миллион доллар карыз.

XS
SM
MD
LG