Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

МИНИСТРЛЕР МЕНЕН ДЕПУТАТТАРДЫН ЭРМЕГИ ЭМНЕ?


Кабыл Макеш, Илим Жанузаков, Бишкек Саясат өз жолу менен, ал эми күнүмдүк турмуш өз нугу менен кете берет. Убакыт - учкан куш. Депутат, министр деле пенде, алар деле бош убакыттарын кызыктуу өткөрүүгө укуктуу. Учурунда Англиянын өкмөт башчысы Черчилль деле бош убактысында сүрөт тартуу менен алектенчү экен. Кыргызстандын парламент депутаттары, министрлер, мамлекеттик жетекчилери бош убактыларын кандай өткөрүшөт? Эмнеге кызыгышат?

Жаш кезинде бокс менен машыккан өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев телекөрүүчүлөрдүн түз суроо-жообунда, кыргызды атсыз элестетүү кыйын экенин айтып, күлүк аттарга кызыгарын, бирин-экин асыл тукум жылкысы бар экенин моюнга алган. Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов да күлүк дегенде ичкен ашын жерге коёт. Өзүн да мыкты чабандесмин деп айтканы бар. Акаев доорунда түрмөгө түшкөнгө чейин асыл тукум күлүк жылкылары болгон дешет достору.

Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Таштемир Айтбаевдин, Чүй облусунун мурдакы губернатору Тургунбек Кулмурзаевдин, парламент депутаттары Аскар Салымбеков, Иса Өмүркулов, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Жолдошбаевдин да асыл тукум күлүктөрү аламан байгелерде мөрөй алып жүргөнү маалым.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов – бош убактысында тайган, азиялык чоң дөбөттөрдү багып алектенет.

Спикер Марат Султанов эле эмес парламент депутаттарынан Акматбек Келдибеков, Кабай Карабековдор итке жакын болушуп, ”Ит – адамдын досу’’ деп, бош убактысында иттерин эркелетишип, сейилдешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков учурда кыргыз тайганынын тукуму үзүлүп баратканын айтып, аны сактап калууга аракет кылып атканын айтат.

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Алибек Жекшенкулов да бош убактысында ит менен сейилдөөнү иттей жакшы көрөт.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен парламент депутаты Кабай Карабеков орус биллярдынын ’’акесин’’ таанытат. Мамлекеттик катчынын атаандашы болуп биллярд атчулардын катарына бир туугандар Мыктыбек Абдылдаев, Медетбек Керимкулов жана Айдарбек Керимкуловду кошууга болот. Биринчи вице-премьер- министр Данияр Үсөнов да биллярдга кызыгып, Адахандан ашып түшүүгө аракет кылып жүргөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

АЙГҮЛ РЫСКУЛОВА ФУТБОЛ ОЙНОГОНГО КУШТАР…

Жогорку Кеңештин депутаттары Рашид Тагаевди мыкты мергенчи дешет. Акыркы беш жылдан бери карышкырга гана аңчылык кылаарын белгилеп, 20 жылдан бери карышкыр атканын мындайча айтып берди: Ош облусунун экс- губернатору, мурдакы мамлекеттик катчы Накен Касиев, учурдагы Чукул кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстөмбеков да мергенчиликке кызыгып, бош убактысында аңчылык кылышат.

Парламент депутаттары Искак Масалиев, Арсланбек Малиев, Дамир Өскөналиев, Нооман Аркабаев, Авазбек Момункулов, Хаджимурат Коркмазов мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчиси Кыяз Молдокасымов балык уулаганды артык көрүп, бош убактарында балыкка жөнөшөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жаш кезинде мотоспортко абдан кызыгып, Жалалабат жергесинин тоо- ташын далай жолу темир күлүгүн минип алып түрө кыдырганын кеп кылат. Учурда ок атуу жана чоң теннис спортуна кызыгып, көптөгөн мылтыктарды коллекциялай баштаганын, Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал эми парламент депутаттарынын аксакалдарынын бири белгилүү саясатчы, кинорежиссер Дооронбек Садырбаев машинанын моторун чечип, кайра чогултуудан рахат алат. Ал ’’кинорежиссер болбосом, конструктор болмок экенмин’’ деп өкүнүп бармагын тиштеп жүрөт.

Депутат Султан Урманаев бош убактысын китеп окуу менен өткөрүүнү артык көрөт. Хоббиси – көркөм, адабий китептерди чогултуу. Учурда 3,5 - 4 миңдей китеп чогулттум дейт Султан Урманаев.

Түп аймагынан шайланган депутат Садыр Жапаров болсо, сууга сүзгөндү, тоого чыгып сейилдегенди жакшы көрөт. Ал 1 - 1,5 километрге чейин көлдө тынбай сүзө алам деп ишендирди.

Парламент депутаттары Аскар Салымбеков, Мелис Эшимканов, Осмонбек Артыкбаев, Кубатбек Байболов, Рахатбек Ирсалиев футболго кызыгаарын көпчүлүк билишет.

Айрым министрлер бош убактыларын кандай өткөрүшөт? Бул суроого өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков ’’Бош убактым жок’’ – деп жооп берди.

Өлкөнүн адилет Министри Марат Кайыповдун эрмеги: сууга сүзүү, тоого чыгуу жана биллярд ойноо.

Миграция боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы, Айгүл Рыскулова жакында өлкөнүн кыздар футболу ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Айгүл айым да бош убактысында футбол ойноого куштар.

Вице- примьер-министр Досбол Нур уулу, өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков сыяктуу бош убактысы жоктугун айтып, эмнеге кызыгары табышмак бойдон калды.

АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Адамдардын күнүмдүк иштерден колу бошоп, эс алуу мезгили учурунда кумарлануу менен жасаган ишин адистер эларалык тил менен айтканда “хобби” деп коюшат. Дегеле адамдардын бош убактысы, “хоббиси” тууралуу “Сильва” билим берүү борборунун президенти, адам таануучу Апилмажун Темиралиевдин аныктамасы төмөнкүчө:

- Адамда деги бош убакыт деген болбош керек да. Убакыттын бош калды дегени туура болбой калат. Ошондуктан менин терминим боюнча “адам өзүнө арнаган убактысы” деп айтса болот. Анан эми адам жеңилденүү мезгилин же болбосо англисче айтканда “релакс” деп коёт, ошондой учурун өзүнө арнашы керек. Анын организми эс алышы керек. “Хобби” деген бул өзү адамдын кумары, ушундай которуп койсок болот. Бир нерсеге өтө кызыгып жасоосу, ушунчалык ошого кызыгып, ошону жасап, анан аны менен алектенип атканда ошондон ырахат алат да. Мына ошону “хобби” деп коёбуз. Ар кимдин өзүнүн “хоббиси” болот. Мындай караганда кумарлануу деген өтө кызык да. Көп адамдар өтө аша чаап, өздөрү байкабай калган учурлар болот. Мисалы, мергенчилер...

Билим берүү академиясынын инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси, инсандык сапаттарды өнүктүрүү адиси Асылбек Жоодонбековдун ырасташынча, бүгүнкү күнү көпчүлүктүн алдында убакытты рационалдуу пайдалануу маселеси турат:

- Бүгүнкү күндө убакытты рационалдуу пайдалануу маселеси өтө актуалдуу болуп атат. Эң негизги нерсеси өзүнүн багытын тапкан, максаттуу адамдарга бош убакыттын болушу мүмкүн эмес. Бош убакыт түшүнүгү менимче жок. Анын эс алуусу да, анын “хоббиси” да анын адамдык жана адистик өсүшүнө сөзсүз түрдө позитивдүү таасир тийгизиши керек. Айрым адамдар бош убакытты мындай түшүнөт да, “бош убактым бар, эми эмне кылсам...” деп калат да. Менин оюмча булар өзүнүн ким экендигин билбеген, багыты такталбаган адамдар.

XS
SM
MD
LG