Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:06

16:30 Түркмөнстандагы президенттик шайлоо демократиялык маанайда өтүп жатат деп айтуу кыйын


Мындай пикирин “Дин, саясат жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Чет мамлекеттерде жашаган Түркмөн оппозиция өкүлдөрүнө мекенине кайтып келишине каршы чечкиндүү чаралар көрүлгөндүктөн, бул шайлоодо президенттин милдетин аткарган Гурбангулы Бердымухаммедов жеңишке жетери айкын, дейт Орозбек Молдалиев. Ал эми саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун пикиринде, шайлоонун өтүп жатышынын өзү эле Түркмөнстандын бир кадамга алдыга жылышын көрсөтүп турат.

XS
SM
MD
LG