Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембиде добуш берүүгө эл активдүү катышып жатканын тынбай кабарлап жатты. Мисалга Ашгабат убактысы боюнча саат 12де шайлоочулардын 66%ы өз президентин тандады деп кабарлады. Эң соңку маалыматтар боюнча, Ашгабат убактысы боюнча кечки саат 5ке чейин шайлоочулардын 95%ынан көбү добуш берди.
Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы эл добуш берүү участкаларына шайдоот маанайда, майрамдагыдай барып бюллетень толтуруп жатканын көргөзүп жатты.
- Мен жаңы президент үчүн добуш берейин деп таң атпай келдим. Добушумду өзүмө жаккан талапкерге бердим. Бардык талапкерлердин айткан-дегендерин угуп чыгып, маркум Түркмөнбашы таптаган жолду уланта турган татыктуу кишини тандадым. Кудайга тобо, шайлоо жакшы өтүп атат, баары жайында болот деп ишенем.
Бул Түркмөнстандык катардагы шайлоочунун мамлекеттик телеканалдан айткандары. Түркмөнстандын чыгыш тарабындагы Лебап чөлкөмүндө бийликтегилер шайлоого барбасаңар ай сайын ар бир кишиге берилчү алты кг. ундан куру каласыңар деп коркутканына карабастан, “Азаттыктын” кабарчылары добуш берүү участкалары көбүнэсе аңгырап бош турганын маалымдашты. Лебаптын бул тургуну шайлоого бардым, бирок ким президент болоорун баары бир эл чечпейт деген оюн айтат:
- Мен өзүмө жаккан талапкерге добуш бердим. Талапкерлер шайлоо алдында берген убадаларга ишенбейм. Шайлоону уюштуруу жагын алсак, мурдагылардан эч айырмасы жок. Алты талапкер катталганы жөн эле бир көз жазгыруу болду. Шайлоодо ким жеңээри алдын-ала эле белгилүү болчу, ошентсе да жарандык милдетимди аткарайын деп добуш бердим.
Түркмөнстандын тарыхында алгачкы ирет шайлоо атаандаштык негизде өттү, бул ирет мамлекет башчысы болууга алты талапкер ат салышты. Бирок байкоочулар декабрда Сапармурат Ниязов каза тапкандан бери президенттин милдетин аткарып келаткан Гурбангулы Бердымухаммедов жеңип чыгаарынан дээрлик күмөн санашпайт. Чет өлкөлөрдө башпааналап жүргөн оппозициячы, саясий бозгундарга мекенине барууга уруксат берилген жок. Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри, Европада жашап жүргөн Авды Кулиев “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Бул шайлоого талапкерлерди Халк маслахаты тандады, эл көрсөткөн жок. Элдик шайлоо деп атоого болбойт. Меним көз карашымда, Түркмөнстан демократиялык жолго түшкөндөн кийин бир жылбы, же андан азбы, кайра жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек.
Түркмөнстанда добуш берүү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де аяктады. Анын алгачкы жыйынтыктарын ырасмий Ашгабат бүгүн эле кечинде жарыялаарын маалымдаган.
Түркмөнстандын бийликтери алгачкы ирет добуш берип жаткан жаштарга жана карыяларга белектер берилет деп убада кылган. Мамлекеттик телеканал айрым шайлоочуларга маркум Сапармурат Ниязовдун “Рухнама” китеби тапшырылып жатканын көргөздү. Чет өлкөлөрдө жашаган түркмөн жарандары президенттик шайлоого катышкан жок, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө Түркмөнстандын элчиликтери жекшембиде жабык турду.