Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

“ТРАНЗИТ – ТҮШТҮК ПЛЮС” КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧАГЫЛДЫРАТ


Бул апта ичинде мамлекеттик сүрөтчүлөр фондунун имаратында дүйнөлүк миграциянын көркөм сүрөттө чагылышына арналган “Транзит – Түштүк полюс” эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтөт. Ал эми апта соңунда президент Курманбек Бакиевдин республиканын маданият ишмерлери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Февралдын он бешинен жыйырма бирине чейин кыргыз сүрөтчүлөр фондунун имаратында өтө турган эл аралык “Транзит – түштүк полюс” долбоору кийинки убакта күчалган жакырчылыкты, жумушсуздукту, социалдык-экономикалык туруксуздукту, элсиз тунжураган айыл жерлерин, балдар эмгегин, адам сатууну жана башка талылуу көйгөйлөрдү көркөм чыгармада чагылдырууну көздөйт. Аталган көргөзмөгө жоопкер өкүл Аманкул Шаарбеков көргөзмөгө отузга жакын өлкөдөн өкүлдөр келерин билдирди:

- Көргөзмөгө Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Европадан жана Америкадан өкүлдөр келишет. Көргөзмөгө кийинки убакта күчалган миграциядан улам келип чыгып аткан көйгөйлүү көз ирмемдер чагылдырылган...

16-февралда күтүлүп жаткан президент Бакиевдин республиканын маданият кызматкерлери менен болчу жолугушуусу – республиканын маданият тармагындагы айрым маселелерди чечүүчү алгачкы кадам болмокчу. Мындай оюн “Азаттыкка” маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди:

-Бул жолугушууну тарыхый жолугушуу десем болот. Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекет башчы алгачкы ирет маданият инсандары менен жолугушуп атат. Бул жыйында улут маданиятын көтөрүү жолдору, мамлекеттин маданиятка көрсөтөр жардамы тууралу жана бүгүнкү көркөм интеллигенциянын коомдогу орду, мамлекет алдындагы вазийпасы жөнүндө маселелер козголот.

Аталган жолугушууга республика боюнча баары болуп 600 адам катышат. Жыйындан кийин мамлекеттик филармонияда жыйындын катышуучуларына арналган гала-концерт өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG