Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

12-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Майор М. Д.Перемышльский 1854-жылдын 12-февралында Үмөтаалы Ормоновдон кат алгандыгын билдирген. Кыргызстан менен Кытай мамлекети ортосундагы чекараны тактоо маселеси 1881-жылдын 12-февралындагы Санкт-Петербург келишиминде аныкталган.

Улуу жүз казактардын приставы майор М. Д.Перемышльский 1854-жылдын 12-февралында Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдоду. Майор М. Д. Перемышльский аймакта абал бейпил экендигин жана кооптонууга негиз жок экендигин билдирет. Анткен менен жаз айында ташкендиктер кол салат экен деген шыбыш кеп кыргыздар арасында айтыла баштагандыгын белгилеген. Аңыз кептин анык, жалганынан аныкташ үчүн кыргыздар арасынан ишенимдүү адамдарды таба тургандыгын кабарлаган. Мындан тышкаары, ал Г. Х. Гасфордго Үмөтаалы Ормоновдун катын түп нускасында жана котормосу менен кошо салгандыгын билдирген.

Штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлевдин Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго жолдогон билдирүүсүндө Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет. Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө колсала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында тастыктаган. Ошол эле кезде, ал акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши, аларды чечкиндүү чара көрүүдөн сестендире тургандыгын билдирген.

Кыргызстан менен Кытай мамлекети ортосундагы чекараны тактоо маселеси 1881-жылдын 12-февралындагы Санкт-Петербург келишиминде аныкталган. Санкт-Петербург келишиминде буга чейин Чугучак Протоколунда белгиленген кыргыз-кытай чегарасында орун алган өксүктөр кайра каралып, айрым тактоолор киргизилген. Чугучак Протоколунда Россия империясы менен Кытай мамлекети ортосундагы чегара аныкталып, чегара кызматы, консулдук мамиле, кыргыз-кытай соода мамилеси жана Кыргызстандын аймагынан өткөн чегара тилкеси тоо кыркалары, суу өрөөндөрү аркылуу өтө тургандыгы белгиленген. Ал үчүн эки тараптуу комиссарлар дайындалып, алар Кашгардан, Ферганага чейинки чекти тактап, чегара белгилерин коюп чыгууга милдеттендирилген.

Кыргыз областтык элге билим берүү бөлүмү 1926-жылдын 12-февралында тармактык бюллетень чыгарууга киришти. Бюллетень кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылып, анда билим берүү багытындагы материалдар, илимий-методикалык иликтөөлөр жарыялана баштаган.

Бу күнү саясатчылардын сүйүктүү сөзүнө айланган «Ноу коммент» деген сөздү Уинстон Черчилль 1946-жылы биринчи жолу колдонуп, 1572-жылы атактуу англис акыны Джон Донн, 1637-жылы голланд физиологу, кандагы кызыл шарикчелерди тапкан Ян Сваммердам, 1665-жылы немец ботаниги, өсүмдүктөрдүн жыныстык белгисин аныктаган Рудольф Камерариус, 1809-жылы АКШ 16-президенти Авраам Линкольн, 1809 атактуу англис наруралисти Чарльз Дарвин, 1932-жылы жазуучу Тенти Кыдыралиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG